Menu

Сентябрь айынан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги аркылуу Италияга виза берүү башталат

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Н.Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу, тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, инвестиция, салык салуу, билим берүү, маданият жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумунака тышууга чакырды.

Министрдин орун басары Ди Стефано өз кезегинде Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын сентябрь айынан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги аркылуу Италия Республикасына виза берүү башталат.

Тараптар өз ара кыргыз-италия кызматташтыгынтереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар боюнча, италиялык тарапка кыргыз тараптын бул окуяга болгон мамилеси көрсөтүлүп, Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө тең салмактуу саясий жана дипломатиялык ыкмаларга берилгендиги баса белгиленди. Министрдин орун басары Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, италиялык тараптын чыр-чатактан кийинки мезгилде колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: