Menu

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Александер Шалленберг менен   телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, ушул жылы ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүү жана 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасын биргелешип иштеп чыгуу маселелерин талкулашты.

2020-жылы  болуп өткөн Кыргыз-Австрия экономикалык байланыштар боюнча аралаш комиссиясынын 7-жыйынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жана Комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Австрия тарабы эки өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды уюштуруу маселелери каралды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Австриянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары  БУУ институттарынын алкагында көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Австрия тарабы ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар жана учурдагы абал боюнча  кабатырлангандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев, жаңжалдын мындан аркы өрчүүсүшүнө жол бербөөнүн жана аны тараптардын конструктивдүү тынч диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, буга чейин жетишилген ок атууну токтотуу жана аскерлерди артка кайтаруу жөнүндөгү макулдашууну аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи. Муну менен бирге, ал Кыргыз Республикасы эки тараптуу жана эл аралык милдеттерди жана макулдашууларды жактаарына ишендирди. Министр Р.Казакбаев Австрия менен Европа Биримдигинин Баткен облусундагы калыбына келтирүү жана тынчтыкты орнотуу иштеринин процессинде көмөк көрсөтүүсүнө үмүт артарын билдирди.

Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри А.Шалленберг өз кезегинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты жана дипломатиялык аракеттер менен тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: