Menu

Кыргыз-казак өкмөт башчылары Астанада жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев 18-октябрь күнү Астанада жолугушту. Казак өкмөт башчысынын сайтындагы маалыматка ылайык, эки өлкөнүн премьер-министрлери тар чөйрөдө сүйлөштү. Учурда кеңири чөйрөдөгү сүйлөшүү жүрүп жатат.

Астанага Кыргызстандан барган өкмөттүк делегациянын курамында биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана башка министрлер бар.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдө чек арадагы кырдаал тууралуу сөз болорун кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттык” радиосуна билдирген.

10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген.

Казакстандын расмий маалыматы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуунун көлөмү быйылкы жети айда $399,2 млн долларды түздү. Бул өткөн жылкы ушул убакытка салыштырмалуу 28,1% өскөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: