Menu

Казакстанда банкирди өлтүрүүгө айыпталган бизнесмен 10,5 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Тараз шаарынын соту бизнесмен Токмадини “ТуранАлем банкынын” ал кездеги төрагасы Ержан Татишевди буюртма жолу менен өлтүргөн деп, он жарым жылга эркинен ажыратты

Токмадиге чыккан сот өкүмү күчүнө кире элек, аны 15 күн аралыгында даттанууга болот.

Татишевдин өлүмү боюнча бизнесмен Токмадиге 2007-жылы дагы өкүм чыккан, бирок анда банкир аңчылык учурунда кокустан мерт болгон деген версия каралган. Бирок кийин Токмади чет өлкөдө жашаган оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун буюртмасы менен Татишевди атайын өлтүргөнүн моюнуна алган.

Мамлекеттик айыптоочу Токмадини 12 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот ишин кайра кароо 12-февралда башталган.

Бизнесмен Токмади былтыр июлда камалган. “Казстройстекло” заводунун ээси бизнес-өнөктөшүнүн акчасын тартып алуу, мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылып, күзүндө үч жылга эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: