Menu

Видео – Нарын Айып, журналист: “Азаттыктын” жетекчиси депутаттын суроосуна жооп бербей, кайра депутатка суроо берет”

Бөлүшүү:

Өткөн аптанын жумасында Жогорку Кеӊеште Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген  убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өткөн.

Буга байланыштуу журналист Нарын Айып өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына “Азаттыктын” жетекчиси Айзада Касмалиева депутаттын суроосуна жооп бербей, кайра депутатка суроо берет” деп, төмөндөгүдөй пост жазган.

“Депутат Алмазбек Эргешов “Сиздер иликтөөңүздөрдө “Абдыраз” фирмасын, Абдукадыр жана Матраимовдун эле атын гана айтып, ошол кездеги президент коррупция тууралуу билгени, билбегени тууралуу эч нерсе айтпай жатасыңар. Эмне үчүн?” – деп суроо берип жатат. “Азаттыктын” жетекчиси Айзада Касмалиева: “Мен сизден дагы бир жолу сурайын. 2017-жылы президент ким болгон жана премьер ким болгон. Жооп берсеңиз” деп суроого суроо менен жооп берди” – деп жазган.

https://www.facebook.com/idinovn/videos/2548039388638858/

Эсиңиздерге сала кетсек, 31-январь күнү депутаттык комиссиянын кезектеги отурумуна тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылып, комиссиянын өкүлдөрүнө иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча маалыматтарды беришкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: