Былтыркы жылдан тарта Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү көбөйдү. Бул туурасында Улуттук банктан кабарлап чыгышты.
Улуттук банктын сайтына 2005-жылдан берки маалыматтар илинип турат. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында кеткен акчанын көлөмү 192 миллион долларды түзгөн. Экинчи жарым жылдыкта 260миллион долларды чапчыган. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы алты айында 238,4 миллион долларды түзгөн. Каражаттын эмнеге мындай болуп агып кетип жаткан себеби айтылган эмес.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ