Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Дейр-аз-Зор районундагы операциясы тууралуу АКШга алдын ала эскерткенин билдирди. Буга чейин Вашингтон Москваны «Сириянын демократиялык күчтөрү» тобуна сокку урууга айыптаган.
Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков аскерлер «Ислам мамлекетинин» көзөмөлүндөгү райондорду так бутага алып жаткандыгын Би-Би-Сиге билдирди.
Пентагондун сайтында окуя ишемби күнү Ефрат дарыясынын чыгышында, Дейр-аз-Зор шаарына жакын жерде болгону жазылган. «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» маалыматы боюнча Орусиянын аба соккуларынан улам топтун алты жоокери жаракат алган. Алардын арасында аймактагы коалиция күчтөрүнүн аскерлери дагы болгон.
Дейр-аз-Зор шаарына жакын жердеги аймак «Ислам мамлекети» террордук тобунун акыркы таянычтарынын бири болуп эсептелет. Шаар дээрлик эки жыл бою курчоодо турган. Аймактагы радикалдардын позицияларына Орусия авиациясы колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана эл аралык коалиция колдогон оппозиция өкүлдөрү чабуул коюуда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ