Menu

Алтын Эркебаева, коомдук ишмер Бектур Асановдун жубайы: «Бектур башкалардай болуп бирөөгө кошоматчылык кылып жашай берсе азыр абакта эмес, чоң кызматтарда олтурмак»

Бөлүшүү:

— Алтын эже, жолдошуңуз Бектур Асанов камалгандан бери абалыңыздар кандай?

— Кыргыздар кандай абал болбосун баарына жакшы дей берет эмеспизби. Мен абалымды жакшы деп айта албайм. Жолдошум адилетсиз камалып абакта жатса менин абалым кантип жакшы болсун. Кудай менен соттордон адилеттик сурап эле жашап атабыз. Жолдошум экөөбүз тең мынчалык кыйналабыз деп таптакыр ойлогон эмесмин.

— Жолдошуңузга жолуктурбай жатышабы?

— Жаңы камалганда киргенге, сүйлөшкөнгө таптакыр мүмкүн болгон эмес. Сот олтуруму башталгандан кийин 5 айдан бери мага кирип 2 саат убакытка жолугуп чыкканга уруксат берип жатышат.

— Азыр Бектур мырзанын акыбалы, маанайы кандай?

— Акыбалы, манаайы жаман дебейм, жакшы эле. Ал кечээ эле саясатка келип, бүгүн түрмөгө түшкөн адам эмес да. Көп жылдан бери саясатта жүрөт. Мен бүгүн өлкөбүздө эмне деген саясат болуп жатканына түшүнбөй жатам. Бектур, аны менен чогуу кармалгандар түрмөдө кайсыл кылмышы менен жатат? Аларга иш козгогону, камаганы дагы мыйзамсыз деп эсептейм.

— Бектур мырза өзү эмне деп жатат?

— Ар бир сотко келген сайын эле акпыз, чыгабыз деген үмүт менен келишет. Бирок бошотушпайт. Жолдошум өзү деле актыгына ишенет. Бирок кантип кармап олтурушат, түшүнүксүз.

— Сизге жолдошуңуз кармалганын кимдер айтышты?

— Эртең менен кадимкидей эле жумушка кеткен. Саат бештер чамасында Бектурга телефон чалсам алган жок. «Бошобой жатат го, келсе керек»- деп олтуруп жаңылыктарды карайын деп жатсам эшик тыкылдап калды. Ача койсом жыйырма чакты милициянын жигиттери турушат. Менден “Бул Асановдун үйүбү? УКМКга ал кишини кармап кетти. Биз үйдү тинтүүгө алганы келдик”- дешти. Мен эмне кылаарымды билбей эле эң жакын кишиси, жардамчысы Таалай Мадеминовго телефон чалып “Бектур телефонун албай жаткан, үйдү тинтүүгө алганы кишилер келди”-деп айттым. Анан алар келип биз менен чогуу болушту.

— Үйдү тинткенде эмне алып кетишти, максаттары эмне экен?

— Саат кечки алтыдан баштап түнкү 11 лерге чейин үйдү чачып тинтип текшеришти. Текшерүүгө алаардан мурун менден “Үйдө курал-жарак, наркотикалык заттар жокпу? Булар төңкөрүш жасайбыз деп пландарды түздү беле?”- деп сурашты. Ар бир үйдү чачып, идиш-аяктан баштап, китептердин баарын калтырбай карап чыгышты. Мен ушунчалыкка барат экен деп ойлогон эмесмин.

— Балдар үйдө эмес беле?

— Үйдө болчу. Кылмышкердин үйүн аңтаргансып чачып карап жатканы кичинекей кызыма катуу таасир этти. Кичинекейибиз учурда 8 жашта. Баардыгын аңтарып жатканда баламдан сураса, атамды кармап кетиптир деп айтып салган экен. Алар азыр жаш да. Атам бирөөнү өлтүрүп койдубу деген ойго жетеленет экен. Биз канчалык алаксытканыбыз менен болбойт экен. Үйдү тинтип чыккандан кийин кичинекейибиз ысытмалап абдан жаман болду. Азыр жакшы болуп түшүнүп калды.

— Өзүңүз деле оңой сокку алган эмес чыгаарсыз?

— Үйдү баарын текшерип жатканда мага оңой турган жок. Болгону партиянын документтерин алып кетишти. Биз мыйзамдын чегинде текшерсин деген гана жыйынтыкка келдик. Таалай деген жардамчысы бизге моралдык жактан жардам берип атты. Кошуналардан дагы күбө кылып сурашты.

–5 айга чейин жолугуштурбай койгондо арыз жазып аракет кылдыңызбы?

— Ооба, арыз жазып суранып аттык. Мыйзам боюнча буларга жолукканга болбойт экен. Качан сот олтуруму башталмайынча жолукканга мүмкүнчүлүк берилбейт дешкен. Ага чейин жактоочу кирип чыгат. Мен босогодо калам. Бектур тамак ашын, кийимдерин айтат, биз жактоочуга беребиз, ал алып кирет. Бир жумада бир жолу ишемби күндөрү гана тамак-аш, кийим-кече киргизгенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Башында 3 жолу тамак киргизип жатканбыз. Бектур өзү бир жумада бир жолу киргиз деп калды, мен анын өтүнүчүн аткардым. Алар өздөрү ичинен тамак жасап жешет экен, азык-түлүктү киргизебиз.

— Сиз сыяктуу эле балдарына, бир туугандарына жолукканга уруксат берип жатышабы?

— Айрыкча кайненеме абдан катуу сокку болду. Ал киши Бектур камалгандан кийин абдан кыйналды. Өткөндө араң жолугууга барып келди. Ошондон бери бир аз жакшы, эсине келип кайраттанып калды. Азыр төртүнчү, бешинчи күндөрү соту болуп жатат. Бир жумада эки жолу болот. Сот болгон сайын апам “эмне болду, келдиби, кеттиби? Кебетеси кандай болуп калыптыр?” деп телефон чалып сурап турат. Сот дагы жабык өтүп жатат. Жабык өткөндө короого дагы бизди киргизишпейт, жакындатпайт. Биздин моралдык жактан колдообуз темир дарбазанын сыртынан кароо болуп жатат. Мен бир эле күн барбай калсам, ооруп калдыбы, эмне болду деп кабатырланат. Сот болгондо балдарга машинеден баш ийкеп гана коюшат. 7 ай дегенде кичинекей кызын көрсөттүм, абдан сагындым деп жүрөт.

— Жолдошуңуздун ак экенине ишенесизби?

— Ишенем. Баш кошуп жашаганыбызга быйыл 25 жыл болду. Ал саясатка кечээ келген эмес. Жолдошумду мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги үчүн күрөшкөн адам деп эсептейм. 1992-жылы март айында баш кошконбуз. Ошондон бери жашап күйөөмдү мен абдан жакшы билем. Бектур, мен дагы мыйзамга ишенип жатабыз, мыйзам кандай жол менен чечет билбейм.

— Тууган-урук, достору моралдык жактан жардам берип жатышабы?

— Азыркы учурда достору, туугандарыбыз моралдык, материалдык жактын дагы жардам берип жатышат. Туугандар жакшы сөзүн айтууда.

— Үй-бүлөнү баккан жолдошуңуз болчу да. Азыр анын функциясын да жеке өзүңүз аткарып жатасызбы?

— Азыр чоң кызым жумушта иштейт, уулум да жумушка орношту. Ушул окуядан кийин балдарым өтө жаш туруп чоң кишидей ой жүгүртүп дароо чоңоюп кетишти.

— Психолгиялык жактан жолдошуңуздун абалы кандай?

— Башында абдан кыйналдык. 25 жыл жашаган убактыбызда мынчалык узак убакыт эки жакта жашаган эмеспиз. Балдар менен дагы көрүшпөй калган учур болгон эмес. Ошол жагынан жаман болдук. Баарынан дагы түрмөдө машыккан залы бар болчу. Аны дагы ремонт деп жаап салыптыр. Мурда сыналгы бар болчу, аны да алып салышты. Маалымат жагынан абдан кыйналып жатат деп ойлойм. Радио киргизгенге да уруксат жок. Гезит киргизебиз, жактоочу, биз киргенде жаңылыктарды сурап калышат.

— Балдар сагынып атат, карыган апасы бар эле. Жок дегенде үй камагына чыгарып бериңиз деп президентке кайрылуу жолдоп көрдүңүзбү?

— Жок, кайрылуу жасаган жокмун. Апам деле кайрылуу жасаган жок. Бирок достору жардам берип жатышат. Чынын айтайын жалгыз калган жокмун. Саясаттагы достору келип абалымды сурап турушат. Бирок аттарын коомго айтканга туура болбойт. Өздөрү каалабайт.

— Ушул убакытка чейин саясый иштерин сиз менен кеңешип, ушул жерин туура эмес кылыптырмын деп өкүнгөн учурлары болду беле?

— Бектур саясый иштери менен алек болсо, мен үйдө балдарым менен алек болчумун. Ушул убакытка чейин кайсы кызматка барса дагы кабинетине басып барбагам. Жада калса катчы кызы ким болгонун да таанычу эмесмин. Тагдырдын буйругу экен, эми араң аралашып жатам. Бирок Бектурдун жашоодо ак экенин билем. Бизге абдан катуу тийгени, бийликтин жолдошумду Кадыржан Батыровго байлаган окуясы болду. 2010-жылы видео жазуу жасап ошону менен жаман атты кылышкан. Азыркысында деле аудио жазуу менен жамандап атышат. Кадыржан Батыров менен эч кандай байланышы болгон эмес. Болгону губернатор катары митингге барган. Болгону ошол. Аудио жазууда деле көп жерлери жасалма экенин байкадым. Мен Бектур менен 25 жыл чогуу жашап, чогуу турган адаммын. Мен кантип күйөөмдүн үнүн ажырата албай калайын. Башкалар ажырата албаса дагы мен ажырата алам.

— Чынын айтсаңыз, ошол үндөрдүн арасынан жолдошуңуздун үнүн тааныдыңызбы?

— Ооба, тааныдым. Сүйлөө речи, дикциясы баары жасалган. Басып алалы деген жери таптакыр окшошпойт.

— Экспертиза чыгып келдиби?

— Экспертизаны көрмөк турсун Бектурдун өзүн зорго көрүп жатабыз. Сот жашыруун, жабык болуп жатканына да түшүнбөйм. Башкаларды мейли, мени эмнеге киргизбей жатканына жооп таба албайм. Мыйзамдын одоно бузулганын ММКлар жазып ийбесин дейби, жабык карап жатышат. Жада калса баардык жактарга акысы бар акыйкатчы кире алган жок. Аны сыртка сүйрөп эле чыгарып салышты. Бектур Аксы окуясында, Азимбек Бекназаровдун камалганында кандай чуркады. 2010-жылы өтө оор мезгилде үйгө келбей Жалал-Абадда иштеп атты. Бир жумалап уктабай, эс албай иштеп жаткан. Ошондой кыйын кезде башын көтөрбөй иштегендердин катарында Бектур болгон деп эсептейм. Убактылуу өкмөткө чоң иш жасап берди. Келишпестиктердин айынан ушинтип азапка малынып олтурат. 25 жылдан бери күрөш үстүндө келе жатат. Жолдошум принцибинен тайбаганынан кызматы жок жүрөт. Бектур башкалардай болуп бирөөгө кошоматчылык кылып жашай берсе азыр абакта эмес, чоң кызматтарда олтурмак. Барганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Максим Бакиевдин түптөп кеткен коррупциялык иштерине каршы чыккандыгы үчүн кызматынан кетип калган. Жолдошум кызматка жулунган адам эмес, акыйкаттыкты талап кылган адам.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: