ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 4 032 килограмм кальян тамекилери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “MAN26372” үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн авто транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 4 032 килограмм болгон, акциздик маркасы жок “Premium water pipe tobacco “Serbetli” маркадагы кальян тамекисин табышкан. Айдоочуну токтоткон учурда ташылып келинген товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ