Menu

Өзбекстан Нью-Йорктогу терактты иликтөөгө көмөктөшүүгө даяр

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нью-Йорктогу терактка байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи кабарлады.

«Биз Америка Кошмо Штаттарынын элине тилектештигибизди билдиребиз. Менин көңүл айтуу сөздөрүмдү жана колдоомду каза болгондордун туугандары менен жакындарына жеткирип коюуңузду өтүнөм. Бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп жазылган көңүл айтуу катында.

Экстремизм менен терроризмдин бардык көрүнүштөрүн айыптаган Мирзиёев Өзбекстан Нью-Йорктогу кол салууну иликтөөгө жардам берүү үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экенин билдирген.

31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен аймагында кылмышкер жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, 8 киши каза тапкан. 12си жараат алышкан.

Кылмышка шектелип кармалган адам 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу өзбекстандык жаран экенин жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө. Колго түшүрүү маалында аны полициячы курсакка атып жарадар кылган. Учурда ал ооруканада жатат.

АКШда жашап жүргөн өзбек качкыны Миррахмат Муминовдун билдиришинче, Саипов Ташкентте туулуп-өскөн. 2013-жылы Флоридага көчүп барганга чейин Огайо штатында жашап, көп жыл жүк унаасын айдап иштеген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири Ташкентте Саиповдун ата-энеси менен 17 жаштагы карындашы суракка алынып жатканын билдирди.

Коңшуларынын айтымында, Саиповдор соода менен алектенген динден алыс адамдар. 2010-жылы АКШга кеткенге чейин Сайфулло Саипов ата-энеси жана үч карындашы менен Шайхантаур районундагы Белтеп маалесинде жашаган. Анын апасы Мукаддас 2016-жылы декабрда жана 2017-жылы февралда АКШга уулунукуна барып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: