Menu

Жалал-Абадда пайдаланууга жаны жол берилет

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында дагы бир жаңы көчө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү астында турат. Шаардагы жол тыгындарын азайтуу макатында бир канча жаңы жолдорду куруу пландалган. Бүгүнкү күндө жаңы Курулуш көчөсүнө асфальт төшөлүп, ар тараптуу сапатуу курулуп жатат дешет адистер.

Азыр жолго асфальт төшөө бүткөрүлүп калды. Дагы эки ирет асфальт төшөлүп, андан соң колдонууга берилмекчи. Көчөнүн узундугу 614 метр, кеңдиги 9 метрге жетет, ага 9 сантиметр калыңдыкта асфальт басылат. Андан сырткары, эки тарабы кеңейтилип, жол чырактары орнотулмакчы. Курулуш көчөсү бүтүп калса, жолдо унаа тыгындары да пайда болбой калат. Ал эми жолдун сапаты боюнча кепилдик берилерин, анткени жол куруу иштерине да тажрыйбалуу адистер тартылгандыгын айтышат куруучулар. Көчө ноябрь айынын ортолорунда тапшырылары да маалым болду.

Жаңы көчөнүн курулуп жатканы жашоочуларды да кубандырууда. Анткени аталган жайда жашагандар соода түйүндөрунө баруу үчүн шаар айланып, өтүп жүрүшкөн. Жаан жааганда жолдор ылай болуп, басууга мүмкүн болбой калатэле. Эми минтип атуулдарга да жакшы шарт түзүлү калды.

-Шарт жок көчөнү эми минтип унаа жүрө турган талапка ылайык кылып оңдоп жатканы жалпыбызды кубандырып, бир канча ыңгайсыздыктардын алдын алат. Андан сырткары, бул жолдун курулуш иштери аягына чыкса, айдоочуларга да жеңилдик болмок, – дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Нафиса Камбарова.

Эскерте кетсек, бул жылы шаар бюджетинин бекилбегендигинен шаардык эсептен жолдор курулбай калган. Бирок, шаар мэриясы тарабынан жолдорду-оңдоп түзөө боюнча Өкмөткө сунуш бергилген. Анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 6 көчө ремонттолууда. Мамлекеттик бюджеттен жолдорго жалпы 64 миллион 149 миң 211 сомду бөлүнгөн. Учурда 2 көчө толугу менен бүткөрүлгөн.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: