Menu

Кыргызстан жалгыз калбайт!..

Бөлүшүү:

Ошентип, кечээ жакында эле өтө ашкере шаңдуу өткөн эгемендик майрамынын бүгүн изи да калган жок. Майрамдан кийинки күнүмдүк реалдуу жашообузга кайтып келдик. Көрсө ал өтө деле кубанарлык эмес экен. Ал тургай, жаркын келечектен үмүт эттирген утурумдук оптимисттик маанайды дагы чөгөргөн оор маселелер пайда боло баштады…

Эгемендиктин 26 жылдыгында өлкөнү көбү жетилген куракка салыштырышып, мурда ал тамтуң баскан кичинекей бала болсо, эми минтип, алга карай ишенимдүү басып бара жаткан адамга айланды деген сыяктуу салыштырууларды колдонушту. Албетте, майрамдык маанай, санжыралуу дата — ​көтөрө чалып мактоону да, бир аз ашкере болсо да, патетикалуу пафосту да көтөрөт. Арийне, ошол юбилейлик, же тойдо айтылуучу көнүмүш дежур сөздөргө, жасалма, комплименардык маанайда, демейде ыксыз көтөрө чалуу менен берилген бааларга манчыркап жүрө бербей, реалдуу иш-аракеттерге өтүшүбүз абзел.

Антпесек, каалайбызбы-каалабайбызбы, баары бир реалдуу жашоо өзү эле бизди этектен тартып, жерге түшүрүп, татаал, баш катырган, оңой менен чечилбеген маселелерге туш кылып коёру талашсыз!..

Кайра эле “төрөлүү-жаралуу, тамтаңдап басуу, бутуна туруу, жетилүү” параметрлерине келсек (алыска чуркап кетүү жөнүндө азырынча сөз кылбай эле коё туралык!), өлкөбүздүн азыркы баштан кечирип жаткан этабын, — ​албетте, объективдүүлүк менен баалай алсак! — ​али бутуна бекем тура да электигин байкоо анчалык кыйын деле эмес. Демек, “Өлкөбүз бүгүн такыр башка, элибиз бүгүн башка, баары мурдагыдан таанылгыс болуп өзгөргөн!” — ​деген сыяктуу демагогиялуу лозунгалардан биротоло арылып, реалдуу жагдайларды, потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана пайдаланылбай жаткан ресурстарыбыз менен резервдерди кыймылга келтире баштоочу кез келди. Мындай аракеттер эбак эле башталышы керек болчу. Ал тургай, дал ушундай изги үмүттөргө жетеленишип, карапайым калк 2005-жылдагы март революциясын, жана да 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүш жолу менен өлкөдөгү жогорку бийликти алмаштырууга чейин барышкан…

Тилекке каршы, алиге чейин иллюзиялуу куру кыялдар менен демагогиялуу лозунгалар гана басымдуулук кылып, реалдуу коюлган программалар ишке аша баштагандыгына күбө боло элекпиз. Ал эми “халва, халва!” деп жөн эле кыйкыра бергенден оозуң таттуу болуп кетпейт, Же жөн эле кооз максаттарды, реалдуулукка негизделбеген кыялданууларды айтуу менен элдин жашоо деңгээли эч убакта көтөрүлбөйт.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бизде дароо пайда болгон бир өнөкөт “оору” бар. Ал оору — ​өзүбүздүн ички реалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске албай туруп эле, дайыма — ​бардык тармактардагы эл аралык саясий кампанияларда, уюмдарда биринчи болуп кирүүгө жана көрүнүп калууга далалат кылуу адаты. Бул дээрлик Акаев доорунан бери айыкпай келе жаткан, калыптанып, эбак “эски ооруга” айланып калган илдет. Айталык, он жылдан ашуун убактан бери такай, күн сайын “Биз Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна биринчи болуп кирдик!” деп такай, тынымсыз мактанып жүрдүк. (Башка көптөгөн пайдасы да, зыяны да жок эл аралык коомдук уюмдар тууралуу али сөз кылбай эле коё туралык). А бирок, ошол уюмдан тапкан пайдабыз канча болду, эл аралык соода байланышыбыздын бир аз да болсо жакшырышына ошол учурунда шашылыш, кайсыл бир өлчөмдө алганда, терең ойлонулбай, эч даярдыксыз жасалган кадамыбыздан жардам болдубу же жокпу? Дегеле, бул багытта эч эмоциясыз так эсептөөлөр барбы? Кыргызстан соодалык алыш-беришинде канча пайда жана зыян көрүп жатат? Же жөн эле бул уюмга взнос төлөөсүн улантып, ал эми пайдасын башка өлкөлөр көрүп келе жатышабы? Бул суроолорго эч конкреттүү жооп жок.

Арийне, күнүмдүк жашообуздан эле алынган фактылардын негизинде ой жүгүртүп көрө турган болсок, азырынча Кыргызстан толук бойдон импортко көзкаранды өлкө бойдон кала берүүдө. Экспортко чыгарылчу товарларбыз өтө аз санда жана көлөмдө, Алар — ​негизинен жеңил өнөр жай товарлары (көбүнчө көмүскө тигилген кийимдер!) жана айыл-чарба продукциялары.

Кыскасы, БДС уюмуна мүчө болуубуздан азырынча, бизге караганда биздин соода өнөктөштөрүбүз көбүрөөк пайда көрүп жаткандыгы шексиз. Ал эми өтө оптимисттик прогноз менен айтканда деле — ​жакынкы арада пайда көрөрүбүз күмөн. Себеби, өнөр жайыбыз көп тармактуу болуп, өндүрүш шакылдап иштей баштаган күндө деле, биздин товарларыбыз эл аралык рынокто конкурентке туруштук бере аларына эч кепилдик жок.

Баса, Казакстан менен Кыргызстандын бажы өтмөгүндөгү коё берүү катаалдаганына байланыштуу, айрым эксперттер бул казактар тараптын ички рынокту коргоо аракети деп баалашты. Алар Кыргызстандык конкуренттерди киргизбөөгө далалат кылып жатышкан имиш!..

Бул күлкү келтирерлик аргумент — ​биринчиден, Кыргызстандык товарлардын көлөмү жалпы Казакстандык жана Россиялык рыноктун үлүшүндө алып караганда — ​көзгө дээрлик илешип-илешпеген, майда бир пайыздардын жүздүгүнүн үлүшүнө да жетпеген көрсөткүч болуп калат. Экинчиден, сапаты боюнча ал товарларыбыз өтө эле мыкты жана башка жактарда табылгыс болуп, “бренд” болуп кеткен товарлар болсо, кызыкдар тараптар өздөрү эле эбактан бери издеп келе башташмак!..

Дегеле, сергек ой жүгүртүп көргөн адамга, азырынча Кыргызстан мүчө болуп кирген ондогон эл аралык коомдук, аскердик, саясий жана экономикалык ж. б. уюмдардын ичинен бизге бир гана реалдуу пайда, көзгө көрүнөрлүк колдоо алып келгени — ​ОДКБ — ​жамааттык коргонуу уюму болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Дал ушул уюмдун биргелешкен аракеттери аркылуу региондогу жана биздин өлкөдөгү стабилдүүлүк сакталып, ар кандай геополитикалык коркунучтарга өз учурунда жана татыктуу бөгөт коюлууда…

Туура, азыр бир кезде эң эле таасирдүү жана эл аралык деңгээлде эң эле абройлуу болуп келген Бириккен Улуттар Уюму дагы өзүнүн мурдагы күчтүү таасиринен бир топ ажырагандыгы жашыруун эмес. Ал уюмдун уюшулушунун демилгечиси жана эң башкы негиздөөчүлөрүнүн бири болгон АКШ бул уюмга карата көмүскө же кээде ачык эле байкаларлык кысым көрсөтүп, өз мүдөөлөрүн аткартууга (айрыкча «ыраматылык» СССР кулап, жаш көп эгемендүү мамлекеттер пайда болгон жылдардан тартып) бир жактуу аракет кыла баштагандан бери…

Ошентсе да, эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкта ар бир өлкөнүн өзүнүн гана ички кызыкчылыктарын коргоо укугу, биринчи иретте ушул максаттардан улам гана ыктыярдуу түрдө мүчө болушу — ​эч ким эч убакта тартып ала албай турган укуктардын бири бойдон кала берет.

Ушуга байланыштуу, ЕврАзЕске кирүүдөгү үмүттөр дагы акталбай калгандыгы расмий түрдө моюнга алынды деп койсок болот. Адегенде, алгач киргендеги добулбастуу фанфарлар менен коштолуп, ишкерлерибиз менен бизнесмендерибизге жомоктогудай шарттар убадалангандыгы али эстен чыга элек. Бул беш өлкө кирген уюмдун мындан аркы өмүр-жашоосу кандай болорун болжолдоп болбойт, бир гана белгилүүсү — ​эң соңку болуп кирген Кыргызстан чоң сабак алды. Башка экономикасы күчтүү өлкөгө бириксек эле биздин экономикага таасир этет, беш өлкөнүн рыногу локомотив сыяктуу тартып кетет деген сыяктуу куру кыялдуу азгырууларды жоюп, өз күчүбүзгө гана ишенип, кыйын-кысталыштуу кырдаалдардан өз аракеттерибиз менен чыгып кетүүнү көздөөчү убакыт жетти. Ошондо гана, кандайдыр бир убактылуу саясий маселеден улам деле, коңшулаш өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык изоляциялоо жасоого болгон эч кандай аракеттер ишке ашпай кала берет.

Кандайдыр бир деңгээлде алганда, азыркы ЕеврАзЭстин аналогу, прообразы катары — ​Россия Федерациясы менен Белоруссия мамлекеттеринин союзун айтууга болот. Алар дээрлик бир мамлекет сыяктуу биригип, бирдиктүү акчага чейин чыгарууга камынып калышкандыгы маалым. А бирок, экономикалык маселелерге келгенде алиге чейин кез-кезде курч талаш-тартыштар жаралып, белорус президенти Александр Лукашенко адатынча баркылдап, чоң мамлекетпиз деп эле бизди көп эле жөнү жок тебелей бербегиле, биздин деле башкаларга алмашпай турган өз кызыкчылыктарыбыз бар, өзүбүз мактана турган өнөр жай жана өндүрүштүк товарларыбыз да жетишерлик санда жана ассортиментте бар, каалабасаңар Европа тараптан рынок издейбиз деген мааниде билдирүүлөрдү өжөрлөнгөн туруктуулук менен жасап келе жатат. Ал тургай, трактор жана башка айыл чарба техникасы боюнча өнүккөн Россия Федерациясы Белоруссиядан дээрлик толук бойдон көз каранды бойдон калып келе жатат.

А биздин мактана турган кандай товарларыбыз бар жана да жогорудагыдай талаш маселелер жаралганда, өз өнөктөштөрүбүзгө ушундай татыктуу деңгээлдеги оппонент болууга жарай алабызбы?

Кечээ жакында “бизде памперс чыгара турган ишкана ачылды!” деп, Кыргызстандык бардык телеканалдар уламдан-улам кайталап көрсөтүштү..

Азыркы өнөр-жай кризиси жана оор индустриянын таланып-тонолушу, албетте, биринчи иретте акаевдик доордогу кылмышчыл идеялуу приватизация саясатынын кесепети. А бирок, андан бери канча убакыт өттү? Атаң өлсө деле, эмгиче көкшүнүң сууй турган кез келди демекчи, мурдагы бийликтерге шылтагандан башка, азыркы бийлик бул багытта кандайдыр бир өз алдынча чечкиндүү иш-аракеттерди жасай алдыбы? Дегеле, азыркы “апрель революциячыл” бийликке салыштырмалуу алганда, акаевдик доордон кийин Курманбек Бакиев президент кезинде өнөр-жай жана өндүрүш кадимкидей жанданып, ошонун натыйжасында жумушсуздук да сезилерлик азайып, ал тургай, чет жактагы мигранттарыбыздын көбү өз мекендерине кайтып келе баштагандыгы белгилүү.

, Азыркы бийлик болсо, Казакстанда, Россияда жер көп, кааласаңар кете бергиле! — ​деген сыяктуу көңүл калтырган саясатты жүргүзүүнү улантып келе жатат. Туура, салыштырмалуу алганда, Казакстанда жер көп. Ал территориясынын көлөмү боюнча дүйнө мамлекеттеринин ичинде тогузунчу орунда турат. Ошол эле учурда, ички ресурстарын пайдалануу аркылуу экономикасын жандантып, жумушчу күчкө болгон талапты да өстүрүп жатат. Ал эми Россиянын Ырааккы Чыгыш тарабы алиге чейин бош жаткан, калк отурукташпаган аймактарга бай. Ошондуктан, жеңилдетилген жарандык жана социалдык артыкчылыктарды берүү жолу менен, бул өлкө өз калкынын санын көбөйтүүгө абдан кызыкдар бойдон калууда…

Азыркы Кыргызстандын эң эле кооптуу келечек маселелеринин бири — ​демографиялык кризис болуп калышы толук мүмкүн. 6 млн калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн дээрлик жарымынан көбү (расмий эмес маалыматтар боюнча — ​андан алда канча көп!) Россия, Казакстан жана башка алыскы чет өлкөлөрдө жашап-иштеп жүрүшөт. Алардын көбү (айрыкча, Казакстан менен Россияда) башка өлкөлөрдүн жарандыктарын алышкан. Ырас, Кыргызстанда туулуп-өсүшкөн муун өз мекени менен байланышын эч качан үзбөйт. А бирок, кийинки муунучу?! Алардын балдары Кыргызстанга кайрылып келери, келишсе да өз ордуларын табары абдан күмөндүү маселеге айланары бышык…

Сыягы өзүнүн 6 млн калкын жөндөп бага албай, алардын жарымын сыртка тентитип, анан дагы мигранттардан Кыргызстанга жылына бир жарым-эки миллиард долларга жакын каражат түшөт деген сыяктуу отчётторду берүү — ​азыркы өкмөт үчүн уят деле эместей. Өзбекстан 32 млн калктуу, Казакстан — ​16 млн калктуу, а бирок, мигранттардын саны боюнча Кыргызстан (бери эле болгондо, — ​Россиянын ири шаарларында!) алардан алдыңкы орунда турат. Дал мына ушул жагынан биз “биринчибиз!” деп “мактансак жарашат го, сыягы!..

Баса, мындан жарым жылча мурда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп цифралык телекөрсөтүүгө өткөндүгү шаңдуу шардана кылынган эле. Арийне, азырга чейин көрүп жаткан кадрлар “селейип”, каткан бойдон токтоп калып, сапаты мурдагыдан алда канча начар бойдон калууда… Демек, жөнү жок эле “биринчи болууга” шашыла бербей, алды-артыбызды карап, жасалып жаткан иштердин сапатына, келечегине карай баалоого убакыт жетти.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: