Menu

Тагдыр: Россиядагы мигрант кыргыз келиндин күйөөсүнө жазган каты

Бөлүшүү:

Кандайсыңар? Балдар жакшыбы? Өзүң жакшы жүрөсүңбү? Бутуң оорубай калдыбы? Дарылык май алам дебедиң беле, алып сыйпап дарыландыңбы? Жардам бердиби?
Мен болсо жүрөм. Таңдан кечке баягыдай эле отурбай, 15 саат иштемей. Чарчадым. Үйгө кетким келет. Балдарды сагындым. Баарыңды сагындым. Бирок… барганда кандай тирлик кылабыз деп аны ойлойм. Же сенде же менде жумуш жок. Балдар болсо чоңойуп ичкен-жегени да ошого жараша болуп келе жатат. Аябай чарчап тажап жүрөм. Бул аз келгенсип, ар кандай нерселерди айтып, маанайымды түшүрөсүң. Мындан ары тескери ойлоруңду айтпачы. “Ала жипти аттагым” келсе сенин жаныңда жүрүп деле “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” койгонго акылым да, амалым да жетет. Жакшы сөзүң менен дем берип турчу….
Дагы эле белим чымырап ооруп, отуралбай же жаталбай кыйналып жүрөм. Дарыланайын дейм бирок акча кетиргим келбей жатат, бул жакта баары кымбат да. Кыргызстанга барганда бир сыйра догдурга көрүнүп дарыланаармын. Өзүң баш көз болуп, акчаны үнөмдүү туура пайдаланып, чогулткула. Мен деле бул жакта өмүр бою иштей албайм да. Балдарды жакшы кара. Ыйлатпа. Ансыз да алар мени сагынып атышса керек. Түшүмө бат-бат киришет. Баса, Айканын сураганын сатып берип койчу. Классташтарын көрүп ар нерсени алгысы келет да. Чоңойуп калбадыбы. Балдарды аябай сагындым. Жумуш чыкса иштеп, чай-чамекке акча тапканга аракет кыл. Тыгынчык болсун. Арак ичпе. Ден соолугуңду кара. Бир жумадан соң акча салам, өзүңө керектүүсүн алып догдурга көрүн. Дары-дармекке, анализдерге канча керек экенин айтып кой. Салып жиберем. Тамекиге өпкөңдү ыштай бербе. Кийин демигип, такыр баса албай каласын. Өзүңө кам көрүп, ден соолугуңду кара.
Азыр жумуштан чыгып баратам. Үйгө жетсем эле уктайм. Аябай чарчадым. Белим чыдатпай ооруп атат…
Жакшы тургула анда. Эртен чалам ээ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: