Элмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабынын жетекчиси кызматын өз эрки менен таштап кетти. Бул туурасында ал өзү социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазды.
“Учурунда мен Темир Аргенбаевичти колдогом, анткени мындан аркы өлкөнүн өнүгүшүнө карата көз караштарыбыз окшош болчу. Мен толугу менен ал буга чейин биздин коомдун демократиялык, эркин өсүшүнө, укуктук маанилүүлүккө жана экономиканын интенсивдүү өнүгүүсүнө алган курсун колдойм. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күндө биздин көз караштар таптакыр эки башка нукка бурулду. Мен өзүм үчүн идеологиялык позицияны саясий конъюктурага жасакерденип алмаштырууну өтө ыксыз деп эсептейм”, – деп айтылат Элмира Ибраимованын билдирүүсүндө.
Ошондой эле, анын айтымында штабдан дагы 7 адам чыгып кетти.
Мындай маалымат бир жумадан бери тарап жаткан. Бүгүн аны Элмира Ибраимова өзү тастыктады. Президенттикке талапкер Темир Сариевдин жер-жерлердеги штабдары да чилдей тарап, анда иштеген жарандар Өмүрбек Бабановдун штабдарына өтүп жаткандыгы боюнча маалыматтар келип түшүүдө. Андан сырткары көп штабдар каржылоонун үзгүлтүккө учураганына бушайман болуп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ