Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “БНКга Текебаев өз адамын директор кылганы факт”

Бөлүшүү:

— Өмүрбек агай, сиз буга чейин Текебаев”Мегакомду” орустарга алып берем деп бир млн доллар алган деп айтып жүрдүңүз эле. Өткөн аптада “кыйындарды” кыйын абалга кептей турган “Панама файлын” изилдеген журналист Текебаевдин “Мегаком” боюнча ишин жарыялап баарыбызды таң калтырды. Өмүке анын баарын карандай калп деп олтурат. Сизде бир млн боюнча далил барбы? Ал ишке Дңйшөн Чотоновдун да тийешеси барбы? Ошол маалымат коомчулукка чыгып кеткени үчүн аны Текебаев “өгөйлөп” жүрөт деген кептер да бар…

— ”Панама файлы” тууралуу мен билбейт экемин. А Россиялык компаниядан акча алганын Дүйшөн Чотонов Текебаевдин көзүнчө айткан. Албетте, алар азыр танат. Россиянын компаниясынын башчылары менен Текебаевдин кабинетинде сүйлөшүү болуп, ал жолугушууга мен да катышкам. Аны эми укук органдары далилдеши керек. Мүмкүн, Чотонов чындыгын айтып берээр.

— ”Марал” радиосу түз эфирге сиз менен Текебаевди чакырса, Текебаев барбастан, ордуна Шыкмаматов бара турган болгон экен. «Ата-Мекендин” лидери Абдрахманов демократ чындыктын баарын айтып салып, мени уят кылат деп коркуп келбей койдубу?

— ”Марал” радиосуна чакырган экен, бардым. Негизинен сөз Конституция жөнүндө болду. Мен парламенттик мамлекеттин Конституциясы кандай болуш керек экенин айтып бердим. “Мегаком” жана БНК боюнча да суроолор болду, ага жооп бердим. Шыкмаматов келет деп күтүп жатышты, бирок ал келген жок.

— Максимдин БНКсын Текебаевдин балдары басып алган деп маек бердиңиз эле. Аны да жалган жалаа деп чыгып жатпайбы?

— Ал маек 2014-жылы болсо керек эле, мен өз пикиримди айткам. БНКга Текебаев өз адамын директор кылганы факт. 3 миллион долларга сатып алганы жана аны кайра 39 миллион долларга сатып ийгени да факт. Аны ким кылганын, ким башында турганын прокуратура текшерип, тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек.

— Абдрахманов эки ай мага асылбай турсунчу деп Текебаев сизге “жуучу” жибергени ыраспы?

— Андай суранычтар көп эле болуп жатат. Аларды Текебаев жиберип жатабы, же өздөрү эле суранып жатышабы билбейт экемин.

— Азыр депутат эмессиз, убакыт көп дегендей. Бош убакта Текебаевге тийешелүү окуяларды чогултуп, эки Өмүрбектин саясаттагы жолун китеп кылып жазып жаткан жоксузбу?

— Текебаев менин жашоомдо кызыктуу “герой” эмес. Ошондуктан мен анын жоруктары жөнүндө жазгым келбейт. Мен башка кызыктуу нерселер менен алек болуп, колум бошобой жургөн кез.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: