Индияда бир кишини үчүнчү аял алууга камданып жатканын жакындары билип калып сабап кетишти. Бул тууралуу Daily Mail гезити маалымдады.
Бул окуя Тамил Наду штатында болгон. Динеш аттуу жаран, биринчи жубайына 2016-жылы баш кошкон. Үч жыл өткөн соң экинчи аялын жашыруун алган. Качан гана эки аялы бири-бирин билип калышкандан соң, алардын 26 жаштагы күйөөсү үчүнчү аялды алууга ниеттенип жатканын билип калышып, туугандары менен биргеликте күйөөсүнүң жумушуна барышып сабап кетишкен.
Индия мамлекетинде көп аял алууга тыюу салынган жана Динеш сыяктууларга түрмө жазасы каралган .
https://youtu.be/U4Z9z7DT_YM
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ