Menu

Өгөй уулун мыкаачылык менен сабаган адам милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды

Бөлүшүү:

Өгөй уулун мыкаачылык менен сабаган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жабырлануучунун апасы А.Э. тосмо арыз түшкөн эмес. Арыз түшсө, милиция аны мыйзамдуу түрдө карап чыгат. Учурда сотко чейинки процесстер уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: