Menu

Фото – Еревандагы ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

Евразия экономикалык форуму жөнүндө;

ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жөнүндө;

2020-жылга ЕАЭБ бюджети жөнүндө;

2020-жылга ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;

ЕАЭБ жалпы финансылык рыногун түзүүнүн Концепциясы жөнүндө;

2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюу жөнүндө;

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ бюджетине үлүштүк төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздарын жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө;

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө;

ЕЭК ишинин Регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

ЕАЭБ агро өнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: