Menu

Өзбекстандандын 44 жаштагы тургуну аялы менен кызын балталап өлтүрүп, анан өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган шаарында жергиликтүү тургун балта менен аялын жана бир жашка чыга элек кызын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-июнда кечке жуук шаардын 44 жаштагы тургуну 36 жаштагы аялы менен урушуп кетип, аны балта менен мойнуна жана башына бир нече жолу чапкан. Андан кийин 10, 8 жана 1 жашка толо элек кыздарына кол салган. Алардын эң кичүүсү ошол жерде жан берип, эки кызы коңшуларыныкына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Андан соң үй ээси өзүнө өрт коюп, ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Наманган облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: