Menu

Үйлөнүү тоюунун кортежинин ичиндеги автокырсыкка учураган унаанын 5 жүргүнчүсү каза болду

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 9-сентябрда 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8- каттамдагы автобус кагышып, жеңил унаадагы 17 жаштагы төрт жүргүнчү мерт болгон. Милиция жеңил автоунаа үйлөнүү тойдун кортежинин катарында баратып, каршы тилкеге чыга коюп, автобус менен кагышканын билдирген. Алардын жанындагы 17 жаштагы кыз өзүнө келбей жатып бүгүн, 14-сентябрда каза болду.

Кырсыктын кесепетинен жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кеткен.

Ал эми жаракат алган үч жүргүнчү Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

— 30 жаштагы кишинин мээси чайкалып, башы жабыркаган. Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат;

— Болжол менен 20-25 жаштагы кыз. Мээси чайкалып, башы жарылган. Жандандыруу бөлүмүндө жатат, өзүнө келе элек;

— 59 жаштагы аялдын колу билегинен сынган, абалы орто.

Улуттук госпиталдын №1 нейротравма бөлүмүнө башынан жаракат алган 21 жаштагы кыз жеткирилген. Абалы ортодон оорураак.

Шаардык балдар клиникалык ооруканасына эки бала жаткырылган.

— 16 жаштагы кыз башынан жаракат алып, нейротравма бөлүмүндө жатат. Абалы ортодон оорураак.

— 8 жаштагы кыз жеңил жарааты менен жаткырылган, абалы канааттандырарлык.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: