Menu

Сауд Аравиясынын канбийкеси Францияда сантехникке зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Сауд Аравиясынын канбийкеси Хасса бинт Салман аль Сауд Францияда сантехникке зордук-зомбулук көрсөткөндгү үчүн сот тарабынан 10 айга эркинен ажыратылып, 10000 евро айып пул төлөй турган болду.

Канбийке франциялык жаранга күч колдунлуп, сабалышына катышкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал эми анын жан сакчысы болсо 8 айга кесилип 5000 евро айып пул төлөөрү белгилүү болду. Алар 2016-жылы падышанын кызынын үйүндө иштеген теги египеттик Франция жараны Ашраф Идди уруп-сабап мазакташкан деп айыпталды.

Ал эми жумушчунун айтымында, канбийкенин жан сакчысы аны сабап, канбийкенин бутун өбүүгө мажбурлаган. Сантехник жуунучу бөлмөдө жумуш жасалганга чейинки жана жасалгандан кийинки жыйынтыкты сүрөткө тартып жаткан.

Ал эми аны кармап алган канбийке сүрөткө өзү да түшүп калганын жана жумушчу ал сүрөттү сатууну пландаганын айтып айыптаган. Франциядагы кымбат батирдин ээси — канбийке ага ишенбей  аны “ит” деп атап, ал өлүмгө татыктуу экенин билдирген», – деп айтылган маалыматта.

Бул окуядан кийин Хасса Франциядан чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Болжолдуу маалымат боюнча, азыркы учурда ал Сауд Арабияга кайтып барган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: