Menu

Кыргыз ишкерлери каталары менен бөлүшөт

Бөлүшүү:

Ишкердиктеги катачылыктар кечеси Бишкекте 20 апрелде өтөт. Анда кыргыз ишкерлери ийгиликсиз болгон аракеттери, жоготкон акчалары тууралуу айтып беришет. Бул ишаракет дүйнөгө белгилүү болгон FuckUp Night форматында борбор калаадагы Туңгуч концерт-залында кечки саат алтыда өтмөкчү. Бул тууралуу ишкердикти өнүктүрүү комитетинен маалымдашты.

«Белгилүү бизнес-консультант Эркин Джаманбаев кантип 700 миң долларды жоготконун, ал эми ишчараларды уюштуруу адиси Дарика Асылбашева белгилүү бийчи Атай Омурзаков менен чогуу «Мен – бийчимин» фестивалындагы катачылыктар тууралуу айтып беришет», – деп уюштуруучулар билдиришти.

Ишчаранын уюштуруучуларынын айтымында, бизнестеги тоскоолчулуктар жана катачылыктар жөнүндө төрт спикер айтып берет. Андан соң жандуу музыканын жана фуршеттин тегерегинде катышуучулар жана ишкерлер бири бири менен баарлаша алышат.

Ишчарага бул шилтеме аркылуу катталса болот – https://goo.gl/forms/Vhyumk9RsKDW1BBu2.

«Жакында эле Гарварддын бизнес журналы изилдөөнүн жыйынтыктары менен бөлүшкөн, – дейт уюштуруучулар, – анда, ийгиликтин формулалары менен бөлүшүү түз жардам бере албастыгын, анын ордуна ишкерлердин катачылыктары менен таанышуу тескерисинче шыктанууга жана үйрөнүүгө жол ачып берет дейт».

FuckUp Nights концепциясы 2012 жылы Мексикада пайда болгон. Ал катышуучуларга абдан жаккандыктан, азыркы учурда дүйнөнүн 70 өлкөсүндөгү 200 шаарларда өтөт. «Аракет кылбаган адам гана катачылык кетирбейт», – дейт ишчаранын чакырыгы. Бишкектеги ишчараны «Ишкер» курсу жана CAFMI изилдөө борбору уюштурууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: