Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турган Талас обулусунда көчмө жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2019-жылдын 16-21-сентябрына чейин Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдык жана аны өткөрүү иштери боюнча аталган облуста көчмө жыйын өткөрдү.

Алтынай Өмүрбекова «Манас Ордо» улуттук комплексинин аймагын жана мелдештер өтө турган Талас шаарындагы ат майданды көрүп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев вице-премьер-министрге жүргүзүлгөн даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

Ал Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда,  күрөштүн түрлөрү боюнча – «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөөрүн маалымдады. Учурда акыркы даярдык иштери жүрүүдө.

Алтынай Өмүрбекова бардык даярдык иштерин мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

«Көчмөндөр оюнунун салтанаттуу бөлүгү Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Премьер-министрдин, өкмөт мүчөлөрүнүн, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Манас Ордо» комплексинде өтөт. Ар бир облус маданий программа жана театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтөт. Ошондой эле Талас облусуна чет элдик коноктор, туристтер, өлкөнүн бардык аймактарынан мекендештерибиз келет. Оюнга 10 миңден 20 миңге чейин адам келээри болжолдонууда. Бардыгы жогорку деңгээлде өтүш керек», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасынын брендине айланды, муну туризмди өнүктүрүү үчүн натыйжалуу колдонуу керектигин белгиледи.

Белгилүү болгондой, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт. Он улуттук оюн боюнча мелдештер болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: