“Формула-1” жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер 6 жылдан соң комадан чыгып, эсине келгенин Le Parisien басылмасы жазып чыкты.
Буга чейин ЖМК 50 жаштагы спортчу Шумахер Париждеги Жорж Помпиду атындагы оорукананын жүрөк-кан тамыр хирургиясынын бөлүмүнө жашыруун которулганын айтып чыгышкан. Эми анын саламаттыгына жүрөк оорусун дарылоо боюнча адис, профессор Филипп Менаше көз салмакчы.
“Ооба, ал менин бөлүмүмдө. Эсине келди”, — деп билдирген профессор журналисттерге.
Эсиңиздерге сала кетсек, Шумахер мындан алты жыл мурун 2013-жылы Франциянын Мерибелинде лыжа тээп жүрүп кырсыкка кабылган. Баш сөөгү, мээси жабыркап, спортчу ошондон бери комада болчу.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ