Казакстандын Ядролук физика институту өлкөдө радиация тараган болушу ыктымал деген маалыматты жокко чыгарды.
Франциянын өзөктүк жана радиациялык коопсуздук институту (IRSN) Европанын үстүнөн радиоактивдүү булутту байкашканын кабарлаган. Талдоочулардын пикири боюнча бул сентябрдын соңундагы Орусия же Казакстандын ядролук объектисиндеги радиациялык авариядан белги бериши мүмкүн.
Институттун кызматкерлери учурда адамдардын ден соолугу коркунучта эмес, бирок авария болгон учурда бир нече чакырым радиуста жайгашкан элдерди көчүрүү зарылдыгы талап кылынмак деп белгилешти.
Кеп негизинен медицинада колдонулчу 106-рутений жөнүндө болуп жатат. Буга чейин абадагы изотоптун жогору деңгээли тууралуу Германия дагы кабарлаган.
Окумуштуулар метеорологиялык маалыматтарга таянуу менен радиациялык булут Урал тоолорунун түштүк тарабынан пайда болгонун божомолдошууда. Орус бийлиги өзөктүк объектилеринде кандайдыр бир авария болгонун тастыктаган жок.
Башкы кеңсеси Алматыда жайгашкан Ядролук физика институту сентябрь жана октябрда радиациялык авария болбогонун билдирди. Радиациялык коопсуздук жана экология институту Казакстанда авариядан кийин абага рутений тарай турган объектилери жок экенин маалымдады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ