Молдомуса конгантиевдин кылмыш иши кыскартылгандан бери буга чейин эл арасында айтылып келген чуулгандуу окуя жанданды. Башкача айтканда, 2010-жылы 7-апрелде Таласта сабалып, барымтага алынган генерал Молдомуса Конгантиевдин башын аман-эсен куткарып, Бишкекке жеткирип берүү үчүн ошол күндөрү Убактылуу өкмөт тарабынан жаңы эле дайындалган ички иштер министри Болот Шер-Нияз Молдомусанын туугандарынан 250 миң, Акыл Жапаровдон 200 миң доллар өндүрүп алган деген маалыматтар кайрадан жазылып жатат. Ал түгүл бул боюнча Болот Шер-Нияз жооп бериш керек, алган акчасын кайтарып берсин деген пикирлер да айтылууда. Эми бул имиштерге Болот Шер-Нияз чекит коюп, ак же көк деп үн катышы керек. Унчукпаса, демек алганы чын экени бышык… Балким акча берген же бербегенин Конгантиев өзү ачыктайт чыгаар…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ