Menu

Душанбеде прокуратура бейтааныш аялды сабаган милиция кызматкеринин ишин текшере баштады

Бөлүшүү:

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук прокуратурасы бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкеринин ишин кайрадан текшере баштады. Окуя 21-мартта болгон.

Милициянын ага кызматкери Сафарбек Махмадсаидзода социалдык түйүндөрдө тараган жаңжалдуу видеодон кийин жумуштан бошотулган.

Сафарбек Махмадсаидзода 33 жаштагы Мадина Шамсованы уруп-согууга айыпталууда.

Учурда прокуратуранын тергөөчүлөрү документтерди текшеришүүдө. Жакында бейтааныш аялга кол көтөргөн милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алынат.

Тартип сакчы көчөдө бейтааныш аялды сабаганы тартылган видео социалдык түйүндөр аркылуу 21-мартта тараган. Тасмада окуяга күбө болгондор милиция кызматкерине кайрылып, аял оорукчан экенин айтышкан, бирок ал тыңдаган эмес. Бул видео тажик интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган.

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умаржони Эмомали токмок жеген аял психикалык жактан жабыркай турганын тастыктап, учурда ал дарыланып жатканын билдирди. Окуя болгон күнү Мадина Шамсова көчөдөгү кишилер менен урушуп, жаңжал чыгарган, нары-бери өткөндөрдүн бири аны тынчтандыруу үчүн милиция кызматкерин чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: