Menu

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

Бөлүшүү:

Атамбаевдин командасындагылар маалыматтык согушта Текебаевге уттуруп коюшканын түшүнүп, эми Текебаев менен жарашуу жолдорун издеп, соодалашууга өтүшүптүр. Бул тууралу бизге Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады.

“Биз “Белиз-гейтти” жаап салалы,  УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди  кетирип ордуна Дүйшөнбек Чоткараевди коёбуз. Генпрокурор Индира Жолдубаеваны кетирип анын ордуна Темир Жумакадыров дайындалат. Сиз кыйраган “Боингдеги” жүктүн ээсин издегенди токтотуңуз. Мындан ары урушпай-талашпай, ынтымактуу бололу, тапканыбызды тең бөлүшөлү”, деп айланчыктап жатышыптыр.

“Эми Атамбаевди ала жатам!” деп ачууланып жүргөн Өмүрбек Текебаев кепке-сөзгө келбей “Биз жарашууга боло турган чектен өтүп кеттик. Принцип деген болуш керек да. Бири-бирибизге карата айтылган ушунча акаарат сөздөрдөн кийин кантип эми жарашмак элек. Мен аягына чейин турам.  “Он еще за “Теке” ответит!“ деп көгөрүп көнбөй жатыптыр.

Чынында эле Текебаев карт бөрү эмеспи. Чөгүп бараткан кемеге жабышып, “төкөр өрдөк” менен достошуп,  эмне кылмак эле. Андан көрө келечеги кең жаштар менен бир командада болгону жакшы эмеспи.

Ал эми Атамбаев акыркы жумада депрессияга батып, нерви жукарып , ачуулуу болуп калганы  айтылууда. Андай маанайына өзүнүн ден соолугу тууралу кытай врачтары берген маалыматтар таасир эттиби же экономика боюнча эксперттердин “Кыргызстанды 2 айдан кийин дефолт күтүп турат” деген көзү ачыктыгы себеп болдубу?

Сапар Исаков, Аалы Карашев, Фарид Ниязов баштаган жан-жөкөрлөр Атамбаевдин мураскери шайлоодо жеңишке жетпешин түшүнүп, “шеф пенсияга кетсе кетер, а биз али жашпыз, биз обоймада калышыбыз керек, биз иштешишибиз, өсүшүбүз керек” дешип азыртан эле президенттикке реалдуу кандидаттардын командалары менен тынымсыз, тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен эле алек болушууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: