Кечээ, 8-октябрда Кочкор-Ата шаарында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен болгон жолугушуусу өтүп жатканда дагы бир талапкер Адахан Мадумаров күтүүсүздөн келди.
Талапкер Мадумаровдун билдиргенине таянсак, саат 15:00дө ошол жерде анын жыйыны өтмөк, Жээнбековдуку саат 12:00дө болмок. Бирок Сооронбай Жээнбеков жыйынды атайын 15:00гө жылдырып, Мадумаровдун жолугушуусу өтө турган жерге автоунааларды толтуруп койгон.
Жыйын өтүп жаткан жерге келген Адахан Мадумаров микрофон алып элге кайрылуу жасаганы жатканда Сооронбай Жээнбеков алып баруучуга “эмне микрофонду берип койдуң?” деп кыйкырып, микрофонду талашып алган.
https://youtu.be/apH55LWeNGE
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ