Menu

Таалайбек Өмүрзаков, Мамлекеттик экотехинспекциянын өрт коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы: “Өрт коопсуздугу көбүрөөк болгон мекемелерди жыл сайын текшеребиз”

Бөлүшүү:

Чүй проспектисинде жайгашкан «Антошка» тез тамактануучу жай жарылып кеткенде айрым адамдар мыйзамдагы талаптарды түшүнбөй экотехинспекцияны күнөөлөп чыгышты. Албетте, тынымсыз текшерип, өзүм билемдикке салып тыюу салынган газ баллондорду колдонгондорго чара көрсө болот. Бирок мыйзамда каралгандай инспекторлор эч нерсе кыла алышпайт. Мораторийге ылайык текшерүүгө укуктары жок. Мындай чырмалышкан абалды коомчүлук түшүнбөй, ызы-чуу болуп жатышкан кези. Деги эле өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн экотехинспекция кандай негизде иш алып барат? Алардын иш-аракеттери кайсыл министрликтин макулдугу менен чечилет? Бардыгын бүгүнкү маектешибиз Мамлекеттик экотехинспекциянын өрт коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков айтып берди.

—Таалайбек Усенович, «Антошка» тез тамактануучу жайынын жарылып кетиши коомдо айтылып жаткан сын-пикирди ого бетер кучөттү окшойт. Көпчүлүк адамдар сиздерди каалаган учурда текшерүүгө ала алат деп ойлошот. Деги эле Бишкек шаарындагы тез тамактануучу жайларда өрт коопсуздугу канчалык деңгээлде сакталган?

—2012-жылы атайын функциялар берилип биздин мамлекеттик экотехниспекция түзүлгөн. Анын максаты жана функциялары өкмөт тарабынан бекитилген. 8 жылдан бери өкмөт бекиткен милдеттерди аткарып иштеп жатабыз. Республикабыздагы мекемелердин баары ар кандай категорияда текшерилет. Жыл сайын бардык мекемелерди текшерүү деген жок. Андай укук бизге берилген эмес. Бул өкмөттүн токтому менен бекитилген. Өрт коопсуздугу көбүрөөк болгон мекемелерди жыл сайын текшеребиз. Айрымдары 3, кээ бирлери 5 жылда текшерилет.

—Мисалы кайсыл мекемелерди беш, үч, бир жылда текшересиздер?

—Бир жылда бир текшерилүүчү жайларга, авто май куюучу станциялар, сырдоочу малярдык пункттар, жыгач иштетүүчү цехтер, мектеп жана мектепке чейинки мекемелер, окуу корпустары, кары-картаң жана балдар үйлөрү, ооруканалар, мейманканалар, музейлер, кинотеатрлар, соода комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, базарлар кирет. Үч жылда текшерилүүчү жайларга аэропорт, автобекеттер, темир жол бекеттери, дан азыктары, айыл чарба багытында иш алып барган ишканалар, жаңыдан курулган объектилер, автомобилдер үчүн ачык токтотмо станциялар текшерүүгө алынат. Мыйзамдын негизинде атайын жылдын башында календардык план бекитилет. Жыл бою ошол план менен иш алып барабыз. Мурдагы жылы кайсыл жерде өрт көбүрөөк кайталанса, кийинки жылы планга киргизип, күчөтүлгөн режимде текшерүүгө алабыз. Пландан сырткары кварталдык план түзүлүп, экономика министрлигине жөнөтүлөт. Экономика министрлигинин астында түзүлгөн «проверка.kg» деген сайт бар. Ошол сайтка кайсыл мекемелерди текшерерибизди жарыялап турабыз. Ал жерде жеке ишкерлердин аты-жөнү, дареги баары жазылып жарыяланат. Экономика министрлиги карап туруп кайсынысына уруксат берсе, ошону текшерүүгө ала баштайбыз. Анын алдында министрлик менен биргеликте макулдашуу кагазына кол коюп, текшерүу башталат. Мыйзам чегинде он күн алдыга аларга бара жатканыбызды айтып, билдирүү жөнөтүп коёбуз. Убакыт келгенден кийин так убагында текшеребиз.

—Өрт коопсуздугу сакталбаган аймак-шаардын ичиндеги базарлар болуп эсептелинет. Базардагы сатуучулар, деги эле ошол жерде иштегендер өрт коопсуздугун жакшы сакташабы?

—Жогоруда айтып кеткенимдей, календардык пландын негизинде бир жылда бир текшерип турабыз. Текшерүү убагында барып калсаң картина такыр башка. Арадан бир же эки ай өткөн соң, жаран катары базарга барып калсаң таптакыр башка көрүнүш болот. Текшерүүчү органдар келе жатат дегенде жолдордун баары ачык. Башка күндөрү ортолору жабык, столдор коюлган, арабалар коюлган, эми укмуш. Бирок андай учурда эч нерсе дей албайбыз. Себеби, мыйзам жол бербейт. Мындай фактылар бизде көп эле кездешет.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: