Menu

Фото – Бишкекте “2005-жылдын 24-мартындагы революция” аталыштагы сквер пайда болду

Бөлүшүү:

Бишкекте “2005-жылдын 24-мартындагы революция”  аталыштагы сквер  пайда болду.  Жаңы сквер шаардын Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр (мурунку Алматы көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишине курулду.

Быйыл жыл башында Алмаз Атамбаев “2005-жылдын 24-мартындагы  революцияны мен жасап, бийликти Курманбек Бакиевге берип койгон болчум” деп жарыялаган. Андан кийин Ахунбаева жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишине “2005-жылдын 24-мартындагы революция”  аталыштагы аянт курууну буйруган. Анткени 2005-жылдын 24-марты күнү ушул жерде Алмаз Атамбаев менен ыраматылык Мелис Эшимканов Аскар Акаевдин бийлигине каршы эл жыйнап, Ала-Тоо аянтын көздөй алып жөнөгөн.  Ал агылган эл Ак үйгө Бакиев менен Баяман Эркинбаевдин балдарынын артынан кирип барган.

Шаар бийликтеринин айтымында ал жерге 600 куб. кара топурак түшүрүлгөн, Германиядан клёндун жана карагаттын, гүлдүн көчөттөрү алып келинип олтургузулган. Тротуарлар салынып, отургучтар жана жарык берүүчү шаймандар коюлган.

Сквер 2005 г4

Сквер 2005 г

Сквер 2005 г2

Сквер 2005 г5

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: