Индияда белгисиз оору менен ооругандардын канынан оор металлдар табылды. Бул тууралуу депутат Нарасимха Рао билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Ал Делидеги адистер тарабынан жүргүзүлгөн анализдердин алдын-ала жыйынтыгы боюнча, көпчүлүк үлгүлөрдө коргошун, никель жана башка оор металлдар көбөйүп кеткендиги көрсөтүлгөн.
Оорунун белгилери жүрөк айлануу, талма жана эсин жоготуу болгон.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жалпы 561 адам белгисиз илдеттен жабыркап, алардын 450дөн ашыгы айыгып кетишкен.
Азыр Делидеги медициналык институттун адистери оор металлдар адамдын денесине кандайча кире алаарын аныктап жатышат: башка нерселер менен катар жергиликтүү тургундар ичкен суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү изилденүүдө.
Индиянын Андхра-Прадеш штатында белгисиз илдеттин очогу 7-декабрда катталды. Ооруканага 350дөн ашуун адам кайрылып, бир бейтап каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ