Menu

Таабалды Тиллаев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Биздин 16 атмосфер газыбызды 40 жылдан бери тажик кошуналар бекер пайдаланып келишет”

Бөлүшүү:

– Таабалды мырза, кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе көтөрүп, «эртең жаз келгенде абал курчушу мүмкүн» дедиңиз. Эмне үчүн «курчуйт» деп ойлойсуз?

– Казакстан, Кытай менен чек ара маселеси толук чечилген. Өзбекстан менен бир аз эле участок калды. Ал эми Тажикстан менен болсо чечилбей турат. Биздин Баткен облусу негизинен Тажикстан менен чектешет. Ал жерде эч кандай тосмолор жок. Эки элдин ортосунда жол талаш, жер, суу талаш сыяктуу көп маселелер бар. Жаз жакындап келатат, жазгы талаа жумуштары башталат. Суунун таңкыстыгынан ушул көйгөйлөрдүн баары кайра көтөрүлөт. Ошондуктан, мен өкмөттүн эсине дагы бир жолу салдым, эмне жумуштар жасалып жатканын элге түшүндүрбөсөк, бул барган сайын биздин мамлекет үчүн оор жагдайды түзуп коюшу мүмкүн.

– Азыр кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр кайсы стадиясында? Сүйлөшүүлөргө эмне тоскоол болууда?

– Азыркы кездерде тажик тарап мурда макулдашылган участкаларга каршы пикирин билдирип, артка кеткендери маалым болду. Себеби, алардын элинин санынын көбөйгөнүнөн, жердин тартыштыгынан улам. Ошон үчүн мен айтар элем, бул маселени канчалык созгон сайын бизге зыян боло берет. Себеби, биз суунун башында турабыз.

-Лейлек районунун Арка аймагында жайгашкан Каттатуз нефть, газ чыккан жеринин башы ачылчудайбы?

– Биздин аймакта жайгашып, эч кандай насосу жок эле жерден өзү атырылып чыккан 16 атмосфер газыбызды 40 жылдан бери тажик кошуналар пайдаланып келе жатышат. Биздин мамлекетке бир тыйын акча төлөшпөйт. Буга биздин кош көңүлдүгүбүз, жалтактыгыбыз себепкер. Мамлекет болгондон кийин сөзсүз өзүбүздүн позициябызды айтышыбыз керек го? Же алар пайдаланганы үчүн акча төлөшсүн, же жаап салалы. Эми өзүңүздөр элестетип көрсөңөр, Тажикстандын аймагында жайгашкан газды биз акысыз пайдаланганыбызды… Албетте, мындай маселелерди чечүү оңой болбойт. Бирок, биз өзүбүздүн таламыбызды талашышыбыз керек да.

– Сиздин айтымыңызда, тажик туугандар биздин базарларга алып келип саткан товарлары үчүн салык төлөшпөйт экен?

– Мага дыйкандар кайрылып жатышат. Тажик туугандар биздин базарлар аркылуу соода кылышканда салык алынбай калат экен. Ал эми биздин дыйкандар салык төлөп, анын наркын кошкондо алар саткан товарлардын баасы тажиктердикине салыштырмалуу кыйла кымбат болуп калат. Ошон үчүн кандайдыр бир чараларды көрүп, аларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: