Menu

Оорулуу коомдогу түкүрүк түйшүгү

Бөлүшүү:

Башкасын койдум бирок түкүрүккө ушунча чуу чыгат деп ойлогон эмес элем. “Түкүрсөң 5500 сом айып пул алат экен”- дегенди укканда күлкүм келген. Себеби түкүрүнбөй этиканы сактап жүрүүдөн оңой иш жок да. Ал түгүл тамашалап “Кыргыздын түкүрүгү эң кымбат түкүрүк”- деп жазсам дүйнөнү кыдырып жүргөн кыргыздар көп экен “Агай Сингапурда түкүрсөң 500 доллар төлөйсүз”- десе “Кыргыз түкүрүгү бул жагынан да артта калган тура”- дегем. Анан эле соцсеттерде “Түкүрсөм эмнеге 5500 сом төлөшүм керек”- деген маанидеги чуу чыгып кетсе боло. Болгондо да “Кызыл чеке суу мурун болгуча” “Түкүрөм эле, 5500 сом төлөбөйм”- дегендердин талашы бүгүнкү күнгө чейин токтобой келатат. Ал түгүл “Түкүрүк талашы” ушунча күчөп кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө Жогорку Кеңеш менен өкмөттү аргасыз кылууда. Көрсө коомубузда түкүрүнгүсү келгендер, жана түкүрүнүүнү маанилүү маселе катары карагандар өтө көп экен. Ак үйдүн жанына барып бирөє түкүрүнсө аны тим эле эл баатыры кылгандар андан көп болду. Бийлик да чоочуп калды. Ошондо коомдун чындап оорулуу экенине ишендим. Жандан түңүлдүм.

Мына эгемендүүлүктүн 28 жылында жетишкен “ийгилигибиз”. Кыялыбызда Сингапурлуктардай жашагыбыз келет. Бирок түкүрсөк 500 долларды кой 5 сом да төлөгүбүз келбейт.

Деги эле ушу түкүрүк түйшүгү тууралуу жазгым келген эмес. Акыл-эси ордунда адамдын сүйлөй турган кеби эмес го… Бир сөз менен айтканда, “Түкүрбө. Болду. Сени эч ким келип “5500 сом төлө”- деп кекиртектебейт”- деп койсоң бүтүп калуучу иш. Мени бул макаланы жазууга аргасыз кылган бир окуя болду. 28- январда “Кумтөр кениндеги келишим маселеси боюнча” коомдук кереге кеңеш өттү. Ошондо бир жигит (Аты-жөнүн эстебей калдым) жулунуп чыгып, мындай мааниде сүйлөдү. “Мени 5 минута угуп койгулачы. Мен Кумтөрдө юрист болуп иштегем. Маселени ичинен билем. Канадалыктар 300 тоннадан ашык алтынды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетишти. Биздин бийлик муну көрмөксөн болуп отурат. Маселен, Кумтөрдүн Президентинин айлыгы 300 миң доллар. Эмне себептен мынчалык ири суммадагы айлык алат? Эч ким унчукпайт. Кумтөрдө иштеген бир чет элдик чучук жөнүндө сүйлөп койсо Кыргызстандан кууп чыктык. Миллиарддаган доллар байлыгыңды талап тоноп атса көрмөксөнбүз.”- деп тим эле күйгүлтүкө түшүп демигип жаны күйө чыркырады. Билимдүү жигит көрүнөт. Мен эми соцсет жарылат го деп 3 күн күттүм. Бирин –экин атин дегендер болбосо дым. Баягы “Эмнеге түкүрсөм 5500 сом төлөшүм керек”- дегендердин бири да унчукпайт. Дайындары жок.

Ушунчалык да дөдөйлүк болобу? Аргасыз Чыңгыз аганын жазган маңкурту эске түштү. Коом маңкурт болуп калыптырбыз. Маңкурттун башындагы “Малакайына кол тийгизем”- десең сени менен өлөр-тирилерин карабай кармаша кетет. Манкурттук эмей эмине? “Түкүрбө”- десе өлөөр-тирилерибизге карабай тытышып, мыйзамды өзгөртүп жатабыз. Көз көрүнө мамлекетибиздин демек элдин, ар бирибиздин ырыскы байлыгыбызды кайдагы бир чет элден келген аферисттер каалашынча талап тоноп жатса унчукпайбыз. “А-а ошончо алтынды ташып кетиптирби”- деп коюп отурабыз. Кантип түшүндүрсөм экен. “Ой айланайындар 5500 сом болуучу бир эмес миллиарддаган түкүрүгүңдү Канадалыктар ташып кетиптир”- десем түшүнөрү чыгабы? Ай чыкпайт го…

Мамлекеттүүлүгү эчак жоголуп, анан улут катары да жок болуп баратканыбызда күтүүсүздөн эгемендүүлүк башыбызга “асмандан түшүп” чынында каалабасак деле кийилип калганына 28 жыл болду. Көрсө өз алдыбызча мамлекет болуп кетүүгө өсүп жетиле электе эгемендүүлүккө ээ болуп калыптырбыз. Ушул өткөн 28 жылда бийлик кайсыл ишти туура жасады? Деги эле толук туура жасалган иш таппайсың. Тескерисинче коррупция жетер чегине жеткиче гүлдөдү. Миң эмес, миллион эмес, миллиарддаган сомду жегендер тууралуу уксак деле таң калбай калдык. Ал түгүл коңшу мамлекеттин көрүнүктүү жетекчиси “Кыргызстан келечеги белгисиз. Жок болуп бараткан мамлекет”- десе деле эч кимибиз таң калган жокпуз. Бирок түкүрүк 5500 сом болгондо таң калдык. “Эй ушул кантип болсун. Түкүрсөм эле 5500 сом төлөшүм керекпи”- дедик. Көрсө 2016- жылы бир катар жаңы кодекстер кабыл алынган экен. Ал 2019- жылдын 1- январынан баштап күчүнө кирип иштей баштамак экен. Аны иштеп чыккандан толук ишке киргизгенге чейинки чыгымы деп 38 миллион евро каралыптыр. Элге маалымат берип кабардар кылууга эле 3.5 миллион евро каралган экен.

Коомчулукту, элди кой мыйзам менен дем алып, мыйзамдан суу ичип, токоч жеп отургандардын көбү жаңы кодекстерди билбейт экен. “Балч” дедире беттерине жаба түкүргөндө “Эмне болуп кетти?”- деп баштарын чайкап, көздөрүн ачып үңүрөйүп окуп киришсе көп жери туура эмес жазылып калыптыр. Эми аны оңдоп, түздөп, толуктап чыгыш керек имиш.

2016-жылдан 2019-жылга чейинки 3 жылдык аз убакыт эмес. 2017- жылы, жок дегенде 2018- жылы “Э-эй азыр жыргап түкүрүнө бер, 2019- жылдын 1- яныварынан баштап”чыйт” түкүрсөң “шык” 5500 сом төлөйсүң”- деп кулакка куюп коомчулукту көндүрө берсе болот беле? Ошентип “кулак көндүрүүгө” очойгон каражат бөлүнгөн экен го. Баса аталган 38 миллион евронун кайда кеткени тыкыр иликтене баштаса дагы далай Сапар Исаковдордун кулагы чыгып темир тор артына кетерине ишене бергиле.

Жок. Кулак көндүргөндү кой канча жаңы кодекс кабыл алынганын деле коомчулук билбеди. Коомчулук дейбиз да өздөрү кол көтөрүп мыйзамды кабыл алган депутаттарыбыз билбей “Чын эле ушундай бекен”- деп атышса кимден эмне сурайбыз.

Жаңы кодекстердин алашем жактары көп экени ырас. Муну эми укук таануучуларга коелу.

Жаңы кодекстер ишке кирди дегенде мен эмнени түшүндүм. Биздин оорулуу коомдогу баш аламан бардакты түшүндүм. Биз мыйзам менен, коомдогу жөнөкөй этика менен жашагыбыз келбейт экен. Бизге баш аламан, бардак жашоо жагат экен. Жолдо “Мен кожоюн” деп каалагандай дардактап мас болуп, соо болуп машина айдап жүрө бер. МАИ тозсо 200–300 сом берип кой да кете бер. Коомдук жайда түкүрүн-какырын, кааласаң чимкир. Сөгүн-сагын. Маданият, этика дегенди уруп да ойнобо. Таштандыны каалаган жериңе ыргыт. Бирок сага эч ким унчукпасын. Мына биздин көнгөн жашоо образыбыз. Ушундай жашоонун улануусун каалайт экенбиз. Ушул жашообузга эч ким кийлигишпесе дейт экенбиз.

Болбосо “Арак ичип машина айдасаң 17500 сом төлөйт экенбиз. Ушул кантип болсун”- деп кайсыл акыл-эси ордунда адам чычалайт. Айланайын арак ичип машина айдаба. Болду 17500 сом дайым чөнтөгүңдө. Сени эч ким “Ичип алып айда”- деп кыйнабайт. Деги эле штрафтардын өлчөмүнө карата талаш уюштуруунун логикасы кайда? “Штрафтын өлчөмү аз болсун, мен ичип айдай берейин”- дегендеби? Мен түшүнө албай койдум. Ичип айдагандар тууралуу Япониядагы тартипти айтпай эле коңшу Казакстанды айтайынчы. Ичип айдагандарга биздин акча менен 180–190 миң сом төлөтөт. Бул деген биздеги бир машинанын акчасы. Ошондуктан биздин Казакстанга каттаган таксисттер Казактын бажыканасынан өтөрү менен ремендерин тагынып чыкыйып тартиптүү боло калышат.

Кандай гана мыйзам болбосун түпкү максаты эмнеге багытталат. Көбүбүз жазалоону деп ойлойбуз. Андай эмес. Адамдарга коомдук этиканы сактоону үйрөтүүнү, тартипти, профилактиканы көздөйт. Ичип айдагандарга 17500 сом болуптур дегенден бери менин тааныштарымдын дээрлик бардыгы машиналарын ичип алып айдабай калышты. Болбосо мурда орто кызуу болуп алышып айдап жүрө беришчү. Көчөдө да тазалык кадимкидей байкалып калды деп атышат. Мунун эмнеси жаман? Өз өмүрүнөн мурда да башкалардын өмүрүнө келүүчү коркунуч азайды. “17500 сом төлөбөйбүз”- деп чыркырайбыз. Эгемендүүлүк алгандан бери 18 миңден ашык адамыбыз жол кырсыгынан кайтыш болуптур. Бул Ооган согушуна катышып кайтыш болгондордон канча көп. Буга эмне чыркырабайбыз? Маўкурт бекенбиз.

Бүгүн өлкөдө кайсыл мыйзам иштеп кайсынысы иштебей атканын эч ким билбей, мыйзам кризиси жаралып элдин башы маң болуп калды. Мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө ала турган Жогорку Кеңешибиз болсо так көрсөтмө бере албай жүдөп атат. Себеби ал жерде отурган депутаттардын арасынан кодексти кой, жөнөкөй ишкананын уставын түшүнүп окуй ала тургандарын кол манжасы менен санап жеткире албайсың. Өзүнүн билим деўгээли анча эмес болгон соң билимдүү жардамчы алгандын ордуна өзүнөн да төмөн турган тааныштарын топтоп алышкан. Мына мамлекетибиздеги абал. Муну көрүп турган коңшу өлкөнүн жетекчилери айтат да “ Кыргызстан жок болуп бараткан мамлекет”- деп.

Ушундай абалга жетишибизге ким күнөєкөр. Өзүбүз. Өзүбүздүн эле улуттан чыккан азаматтар бийликке жетээри менен өмүр бою бийликтен кетпеш үчүн  коомду ичинен иритип, бөлүп жарууга алып баруучу баш мыйзамды кабыл алууга шашат. Колдонуудагыны да ошондой максатта кабыл алышкандыктан бийликке жалаң акчасы бар базаркомдор келүүгө шарт түзүлдү. Бирок Кудайдын да бар экенин унутуп коюшкан экен экєө чет өлкөгө качса, бири бүгүн темир тор артында отурат.

Кабыл алгандан кийин мыйзамды түшүндүрүүнїн ордуна, келечек максаты каякта экенин көрсөтүүнүн ордуна, коомду астыга жетелєөнүн ордуна “Түкүрөм. 5500 сом төлөбөйм”- дегендердин жетегине кирип, “Кой муну алып салалы, көп болуп калыптыр”- деп артка кеткендерге таптакыр түшүнбөй турам. Анда “Түкүрсөңөр 5 эле сом. Ыраазы болгула да түкүрүнө бергиле”- деп койгула. Түкүрүнгүсү келгендер жыргап калышсын “Биз жеңдик”- дешип. Жок дегенде Сингапурду айтып койбойт белеңер. Ушундай коркок бийлик менен реформа жасоого болобу? Реформа деген жаңы менен эскинин тирешинен, кырчылдаган кармаштан турат. Реформа жасаш үчүн чечкиндүүлүк, тайманбастык, бет алган багыттан кайтпаган баатырлык керек. Деги кайда кулап баратабыз? Бул чуңкурдан кантип чыгабыз?

Бир гана жолу бар, али кеч боло электе коомду руханий агартууга киришели. Мен көп жаздым “Экономикалык кризистен руханий кризис он-жүз эсе коркунучтуу”- деп. Жазгандарым жыл өткөн сайын бир эмес бир нече жолу далилденүүдө. Бирок бийликтин акыл-эсине жетпеди. Кыргыздар муну тээ атам заманда эле айтып койгон. “Ачынган курсак тоюнат. Жыртылган кийим бүтөлөт. Асты пейилиңди ток, ыйманыңды таза кармоодон тайба.”- деп. Пейилибиз ач, ыйманыбыз жок болгондуктан бийликке жеткендер миллиарддап жешсе да тойбой жатат. Баарын камап ал түгүл атып да бүтпөйсүң. Пейилди ток кармоонун жолу руханий туура азыктанууда гана жатат. Бирок муну түшүнгөндөр бүгүнкү мамлекеттик бийликте жок болуш керек.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: