“Мен президентке импичмент жарыялоону колдоймунбу же жокпу айта албайм” – деди Жогорку Кеңештин депутаты жана “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев Би-Би-Синин кыргыз кызматына берген маегинде.
Анын айтымында, президентке импичмент жарыялоо үчүн кайсы мыйзам бузуунун же кылмыштын негизинде жүйөлөрдү келтирүү керек.
Исаев төрага Дастан Жумабековдун отставкасы боюнча да комментарий берди. Ал белгилегендей, алар бир партиянын мүчөлөрү экендигине карабастан, төрага аны менен кеңешкен эмес жана кызматтан кетээри жөнүндө кабарлаган эмес.
“Мен, башкалар сыяктуу эле, бул маалыматты ММКнан билдим”, – деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле, ал саясий күчтөр биригип, укуктук талаага чыгыш керек деп эсептейт, антпесе бул жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ