Menu

Жалал-Абадда сасык тумоо ооруларына чалдыккандардын саны азайды

Бөлүшүү:

Өткөн 2017-жылы кыш узакка созулганына байланыштуу өткүр вирустук-респиратордук инфекцияга (ӨВРИ) чалдыккандар көп болгон. Тактап айтканда, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу ӨВРИ менен ооругандар 3440 учурга же 43,2 пайызга көп катталган. Мисалы,  2016-жылы буга чалдыгып калгандар саны 4120 болсо, өткөн жылы ал 7956га жеткен. Ал эми быйыл шаарыбызда ӨВРИ менен сасык тумоо ооруларына чалдыгып калуу кырдаалы өткөн жылдагыдан айырмаланбай, абал туруктуу сакталууда. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Ал эми сасык тумоо 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 13,3 пайызга аз катталган же ооруп калуунун 66 учурунан 50 учурга чейин азайган. Ал эми быйыл тумоолоп калуулардын алдын алуу максатында сасык тумоого каршы эки түрдүү вакцина бизге келип түшкөн. Мурда 4 миңдей гана доза келип жүрсө, эми келгени 30 миң доза, ар бир вакцина 15 миң дозадан.

Бул 1 миллион 200 миң киши жашаган област үчүн бул өтө аз. Ошондуктан аны медициналык кызматкерлер, кош бойлуулар, анан да каттоодо турган тобокел тайпасындагылар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка аярлуу топтор  үчүн гана колдонушту. Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында шаар боюнча 4600 киши эмдөөлөрүн алышкан.

Учурда медициналык тийиштүү мекемелер ишканаларда жана үйлөрдө температура режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: