Menu

2019-2023-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Программада жана Иш-чаралар планында туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, Программада өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий обьектилеринин картасы чагылдырылган, алар атамекендик туризмди өнүктүрүү боюнча негизги түйүндөрдөн болуусу тийиш.

Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 47 пункт камтылган, алардын тийиштүү түрдө аткарылышы өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармагы катары саналган туристтик секторду өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө шарт түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: