Menu

КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерин талкуулоого арналган кеңешмеден Архитектура, курулуш мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты.

Чиновник өзүнүн отчетун окуп жатканда өкмөт башчы аны токтотуп суроолорду бере баштады. Бирок тийиштүү жооп ала алган жок.

«Чоң-Алайда жарык жок, таза суу жок, жолдор жок, алжакта эл кантип жашайт?! Эгер мен сизди азыр кууп чыксам, Жээнбеков мени жөн эле кууп жиберди деп айтасыз. Бул жерге келээрден мурда Ошко чалып, алжакта эмне
болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсузбу. Бул деген сиздин түзүм, эмнеге өзүң чалып, өзүң кызыкпайсын. Чыгып кет! Уялбайсыңбы, сен премьер-министрге олуттуу кеңешмеге даярданбастан келиптирсиң”, – деп
премьер нааразы болду.

Эске салсак, бир ай мурун Оштун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда сел жүрүп, бир нече жер титирөө катталган. Суук түшкүчө жергиликтүү элге жаңы там куруп бериш керек, же болбосо бузулган үйлөрүн оңдоп бериш керек.

Булак: “5news.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: