2017-жылдын 9-сентябрында саат 9:00дөн тартып Парк отель мейманканасында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар болууда. Бул туурасында БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга да кол коюлат.
Семинар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган.
“Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер ортосунда Меморандумга” кол коюу аземи саат 12:00дө болмокчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ