Menu

Савченко: “Өтө ырайымсыз согуш башталышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко Донбасста “өтө ырайымсыз согуш” башталышы ыктымал экендигин билдирди.

Савченко Донбасстан келгенден кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, жикчилдер көзөмөл кылган аймактарда “жетишээрлик күчтүү” орусиялык аскерлер бар экендигин айтты. Анын пикиринде, бул Орусиянын Украинага каршы агрессиясы.

Савченконун баамында, украиналык туткундарды бошотуу үчүн үч аянтча бар. Биринчиси – мамлекет башчыларынын, экинчиси – мыйзам чыгаруучу органдардын деңгээлинде. Үчүнчүсү болсо – жоокерлердин ортосундагы аянтча. “Мен президенттик деңгээлде иш алып бара албайм. Бирок депутат катары берки эки аянтчада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярмын”, – деп билдирди ал.

Надежда Савченко Донбасска 6-июнда барган. Орусияда тыюу салынган “Оңчул сектордун” мурунку башчысы, элдик депутат Дмитрий Ярош менен биргеликте ал Авдеевка менен Широкинодогу украиналык жоокерлерге жолугуп кайткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: