Быйыл Орусия жана Тажикстандын ортосундагы гуманитардык долбоорго ылайык, орусиялык 50дөн ашуун мугалим тажик окуучуларына орус тил, адабият, физика жана химиядан сабак берет.
Илим, билим жана маданият боюнча федерация комитетинин төрага орун басары Лилия Гумерова орус адистеринин маянасын Тажикстан каржыларын, Москва кошумча төлөмдөр боюнча жардам берерин билдирди. Анын айтымында, орусиялык мугалимдерди жана окуу китептерин жөнөтүүгө Азербайжан жана Кыргызстан дагы кызыктар.
Былтыр Тажикстанга Орусиядан 29 педагог келген. Алар тажик мектептеринде орус тил, математика, информатика, физика, биология жана химиядан сабак беришкен. Расмий маалыматтар боюнча мугалимдердин маянасы 74 миң орус рублин (1200 доллар) түзөт, алардын 14 миңин тажик тарап, 60 миңин Орусия төлөйт. Тажикстан мугалимдерди үй менен камсыздоого да убада берген.
Мындан тышкары 2017-жылы Тажикстанга 60 миңден ашуун китеп жана окуу куралдары келген.
Орусия Билим берүү жана илим министрлиги 1-мартта орус мугалимдеринин тажик мектептериндеги тажрыйбасын оң баалаган. Өз кезегинде тажик тарап Орусияга дагы 30 мугалимди жөнөтүүнү сураган. Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори бул тажрыйбаны улантуу ниетин билдирди.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ