Menu

Токмок шаарынын мэриясына эл нараазы…

Бөлүшүү:

Токмок шаарынын «Булак», «Береке» базарынын айланасында соода кылган сатуучулар шаар бийлиги кыянаттык кылып, иштетпей жатышканын айтып кайрылышты. Көбү насыя алгандарын, нан, суусундук, кийим-кече сатып үй-бүлөлөрүн багышарын, тилекке карты, эки айдан ашык убакыттан бери Токмок шаарынын мэриясы соода кылган орундарына жолотпой кууп, ошого карата иштегенге ыңгайлуу шарт түзүп бербей кыйнап жатканын билдирип арыз-муңун айтышты. Биз алардын көйгөйүн угуп көрдүк. Нааразы тараптын дооматтарына байланыштуу Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары Кадырбек Чотбаев дагы өз ой-пикирин билдирди. Биз бул боюнча кайсы бир таранты жактап, чындык бул таранта деп айтуудан алыспыз. Тиешелүү органдар элдин көйгөйүн калыс, акыйкат карап чечип берсе деген гана маселени көтөрдүк. Айтмакчы, бул чыр менен Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов дагы тааныш экен. Демек, маселе көрүл сыртында калбайт деп ишенебиз…

Баялиева Жазгүл, нан сатат:

-Алмаз Чорчонов деген мэриянын аппарат башчысы ичип келип алып баарыбызды кууп иштетпей жатат. Орозо айынан бери (эки айдан бери) мэрия кызматкерлери таңдан кечке ушул базарда артыбыздан кууп эле жүрүшөт. Биз келишимдин негизинде айына биринчи 800, кийин 1000 сомдон төлөчүбүз. Келишим бүткөн деп эми бизди кууп, «МегаКом», «Билайн», «О» компанияларынын, «Шоро», «Квас» саткандарга биздин орундарыбызды алып берип коюшту. Биз тротуарга чыкпай эле соода кылып келгенбиз. Биз үчүн «Береке» базары курулган. Бирок бизге орун беришкен жок. Учурда насыяларыбызды төлөй албай жатабыз. Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары Кадырбек Чотбаев деген баарын коррупциялаштырып, «Береке» базарындагы орундарды жалаң өз тааныштарына сатты.

Роза Тойматова, нан сатуучу:

– Биз 80дей сатуучу мэрия менен келишим түзүп иштеп келгенбиз. «Береке» базары ачылгандан кийин биздин келишимди жокко чыгарып салышты. Биз оруну жок калдык. Биз орун бергиле, павильон коюп иштетели десек бербей коюшту. Бизди «унчукпай тургула, бир аз чыдагыла» деп убакыт созуп, качан «Берекет» базары ачылган соң бизге орун бербей алдап коюшту.

Сатаркулова Алмабүбү, сатуучу:

– Мурда биз келишим менен иштечүбүз. «Береке» базары курулаарда азыркы вице-мэр Чотбаев Кадырбек келип келишимдерибизди чогултуп кеткен, «базар ачылганда орун беребиз, ошондо келишим түзөбүз, азырынча иштей бергиле силерге эч ким тийбейт», – деп кепилдик берген. Азыр болсо анын баарын танып, бизди кууп чыгыштын амалын көрүүдө. Качан базар ачылганда орундарды атасынан мурас калгандай эле өзү билип жалаң такыр бөлөк адамдарга сатып, туугандарына берип, коррупциялаштырып жиберди. Ошондо бизди алдап, орун бербей көчөгө калтырып койду. Эми болсо бул жоругун жаап-жашырыш үчүн тескери сөздөрдү таратууда. Элдин маселесин чече албай “коррупциялаштырган”   адам иштен кеткендин ордуна, кызматы жогорулап кетти. Эми болсо бизге ыдык көрсөтүп, жаманатты кылып жатат. Бул кишиге чара көрүп, “Береке” базарындагы  чырлуу жагдайды териштириш керек. Жогорку бийлик өкүлдөрү бул маселеге көңүл буруп, элдин мүдөөсүн чечиши зарыл…

Көчкөнбаева Дамира, попкорн сатат:

– «Береке» базарынан орун берилет деген. Бирок мэрия кызматкерлери өздөрү эле бөлүп алышып, кайра башкаларга сатышты. Биз көчөдө калдык. Беш балам бар. Насыя алгам. Азыр төлөй албай, насыя бергендер үйгө чейин келип жатышат. Жаман кыйналдык. Биз маселебиз боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго кат менен кайрылганбыз. Депутат биздин көйгөйүбүздү министр Мухаммедкалый Абулгазиевге жөнөтүптүр. Ал болсо Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовго жибериптир. Чүй облусунун жетекчилиги 8-июнда атайын комиссия келип текшерет дешкен. Бирок 7-июнда губернатор Туйгунаалы Абдраимов мэрияга келип сүйлөшүп, эл менен жолукпай кетти. Андан кийин Азат, Нурдин деген балдар келип текшеримиш болуп кетип калышты. Элдин үнүн угушкан деле жок. Комиссия эмнеге келбей калды деп сурасак, губернатор токтотуп койду деп айтышты. Элди ойлогон эч ким жок…

Дакинова Бурул, кийим-кечек сатат:

– Мен “Дом быттын” астында кийим-кечек сатчумун. Эки балам бар, жалгыз боймун. Насьы алып иштейм. Эки айдан бери иштетпей, «Булак» базарынын соода болбогон жеринен орун берип, ушул жактан саткыла деп киргизип коюшту. Эки айдан бери соода жок. Насыямды төлөй албай кыйналып жатам. Базарга жайгаштырышканда, 3 ай төлөбөйсүңөр деген. Бирок эки жарым айга 7 жарым миц сом төлөдүм. Бул жерди дагы базар ээси мен айткан учурда бошотуп бересиңер деп айтты. Аябай кыйналдык. Кантип оокат кылабыз билбейм. Мэрия элди ойлобой эле, кайра кууратып жатат… Тиешелүү органдар текшерип, элдин көйгөйүн чечип беришсе жакшы болмок.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: