Menu

Казакстандагы темир жол кырсыгынын башкы себеби катары «жолдордун абалы» каралууда

Бөлүшүү:

Жамбыл облусундагы темир жол кырсыгынын болжолдуу себеби катары «жолдордун абалы» каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн 26-июндагы жыйынынан кийин журналисттерге өлкөнүн Инвестициялар жана өнүгүү министри Женис Касымбек билдирди.

«Негизги версия — жолдордун абалы. Жазында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин сапаты, ар жылкы текшерүүлөр жана жолдордун каралышы боюнча суроолор бар», — деди Касымбек.

17-июнда Астана-Алматы каттамы менен бараткан жүргүнчү ташыган поезд Жамбыл облусундагы Сарышаган – Шу темир жол бөлүгүндө кырсыкка учураган. 20 вагондун сегизи жолдон чыгып кетип, экөөсү капталына оодарылган. Кырсыктан 23 жүргүнчү, анын ичинде Караганда облусунда жашаган өспүрүм жаракат алган.

Учурда атайын түзүлгөн комиссия бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: