Menu

Акимдин мыйзамсыз иштерине айып тагылбайбы?

Бөлүшүү:

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Ш.Атамбаевге,

Премьер-министр С.Ш.Жээнбековго,

УКМК алдындагы Коррупцияга каршы

кызматынын төрагасы У.Ж.Исраиловго,

Башкы прокурор И.Ы.Жолдубаевага

Арыз

Райондук жана облустук инстанциялардан аттап, сиздерге түздөн-түз кайрылып жатканыбыздын себеби, облустук жана райондук прокуратурага биз толук түрдө ишенбестигибиз себеп болду.

Биздин жана башка жарандардын ушул арызда көрсөтүлгөн фактыларга мыйзам чегинде чара көрүүнү мындай коюңуз, ачыктан-ачык жаап-жашыруу, колдоо болуп жаткандыгы кейиштүү көрүнүш. Биз эми акыркы үмүт менен сиздерге кайрылууга аргасызбыз. Сиздерден өтүнөрүбүз, биздин арызыбызды өзүңүздөр карасаңыздар, экинчиден, кылмыштуу иштерди жасаган, мурда эки жолу соттолгон Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү, андан кийин райондун акими Улан Эсенгул уулунун кылмыштуу жана коррупциялык иштерин ачыкка чыгарып берсеңиздер?! Улан Эсенгул уулуна карата 2008-жылдын 16-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул берене – уурулук, башкача айтканда, бирөөнүн мүлкүн жашырып уурдап кетүү деп чечмеленет. Бул кылмыш иши Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун негизинде же мунапыс актысынан улам жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайлардан улам кыскартылган. Бул биринчиси.

Экинчиден, Улан Эсенгул уулу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (ишенип берилген мүлктү ири өлчөмдө ыйгарып алгандыгы же төлөмөр болгондугу үчүн) негизинде 2010-жылдын 25-мартында Тоң райондук соту тарабынан бир жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Ак-Терек айыл округуна башчылыкка шайлоо 2013-жылдын 30-январында өткөн жана Улан Эсенгул уулу ал шайлоодо айыл өкмөт башчылыгына өтүп кеткен. Улан Эсенгул уулу 30-январдан 5-мартка чейин бир айдан ашуун соттуулугу жоюлбастан туруп, айыл округуна башчы болуп иштеп айлык акы алды. Бизге белгилүү болгондой, Улан Эсенгул уулу айыл округ башчылыгына талапкерлигин коюп жатканда территориалдык шайлоо комиссиясына ИИМдин маалымат борборунан соттуулугу жок тууралуу жалган справка берген. Бул справка Шайлоо комиссиясынын документтеринин ичинде сакталуу. Андан соң Улан Эсенгул уулу кассациялык арызы менен Ысык-Көл облусунун сотунун 2013-жылдын 5-мартындагы кароосунун жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу жазык иш өндүрүштөн кыскартылган. Бул көрсөтүлгөндөр толук түрдө фактылар. Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 48-беренесинде (айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптар) кыргыз тилинде ачык жана так төмөндөгүчө жазылып турат:

“Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес” деп кыска-нуска түшүндүрүлүп турат. Эгер Улан Эсенгул уулу “мен акталып чыккам” деген күндө да анын бул беренеге ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турушуна мыйзам жол бербейт эле. Мыйзамсыз жол менен айыл өкмөт башчысы болуп шайланган мезгилде жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары тарабынан ИИМдин маалымат борборунан Улан Эсенгул уулунун эки жолу соттолгондугу жөнүндө маалымат алынган.

№144 (25.09.2014-ж.) Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Тоң райондук прокурорунун 23.09.2014-жылы №118-14-66 КР КЖКнын 304-305-беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде Ак-Терек айыл аймагынын башчысы Улан Эсенгул уулу прокуратуранын тергөөчүсүнүн токтому менен иштен четтетилген жана иш Тоң райондук сотуна өткөрүлгөн. Райондук сот коррупциялык иш-аракеттери болгондугуна карабастан коюлган айыпты кайра квалификациялап ишти кыскарткан. Бирок прокуратура протест жазып, иш облустук сотто каралып, Жети-Өгүз райондук сотуна кароого жиберген. Кандайдыр бир себептерден облпрокурордун милдетин аткаруучу М.Насыровдун колу менен Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Улан Эсенгул уулун жумуштан четтетүү тууралуу буйругун мыйзамсыз деп таап, буйругун жокко чыгарып, ал эми Улан Эсенгул уулун ордуна коюу жөнүндө 17.06.2015-жылдын №11/1-12/15 сандуу протест жиберет. Ошол протесттин негизинде Тоң райондук администрациясы 2015-жылдын 1-июлундагы №33 буйругу менен Улан Эсенгул уулу кайрадан жумушка киришет. Бул жерде чоң айырмачылыктар чыгып жатканы көрүнүп турат. Өзү подпискада болсо прокуратура, сот ишти караганга бир ай калганда протест берип жатат. Ал эми Жети-Өгүз райондук соту 2015-жылдын 16-июлундагы чечими менен Тоң районунун 25.09.2014-жылдагы №144 буйругун жокко чыгарып жана Улан Эсенгул уулун эч жакка чыкпоо бөгөт коюу чарасын токтом күчүнө киргенден кийин алынып салынсын деп көрсөтүп жатат. Бирок Улан Эсенгул уулу иши тергелип, Жети-Өгүз райондук сотунда иши улантылып жатканына карабастан, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерин, айылдык кеңештин депутаттарын “мен соттон акталдым” деп алдап, 2015-жылдын январь айынан баштап 2015-жылдын июль аралыгында ай сайын табель түздүртүп, өкмөттүн казынасынан 60 миң сомдон ашык эмгек акы алып тургандыгы кандай? Бул тууралуу чогулуштарда акимчилик тарабынан айтылды, прокурорлор билишти, бирок арыз, билдирүүлөргө жооп беришкен жок. Подпискада жүргөн учурда статусу соттолуучу-айыпкер болсо да иш-кагаздарын өткөрүп бербестен баарын өзү жүргүздү.

Биз Улан Эсенгул уулунун 08.01.2015-жылдан 01.07.2015-жылга чейинки аралыктагы кабыл алган чечимдери, токтомдору мыйзамсыз деп эсептейбиз. Акыркы мезгилде ал Тоң районунун аким кызматына жетишип иштеп жатат.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Урматтуу Индира Ырысбаевна,

Урматтуу Улан Жумабекович?!

Сиздерден адеп Ак-Терек айыл аймагынын “айыл өкмөт” башчысы, андан соң Тоң районунун “акими” Улан Эсенгул уулуна карата алдамчылык жана өзүмбилемдик менен жасаган иштерине кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик казынадан уурдалган акчаларды төлөттүрүүнү жана мыйзамсыз жасаган иштерине мыйзам чегинде чара колдонот деген ишенимдебиз. Ушундай иштерди жасаган адам айыл өкмөт жана район башчысы болуп отурууга моралдык укугу барбы? Мындай таза эмес адамдардын жергиликтүү бийликти башкарууга келип иштеши сиздердин аброюңуздарга көлөкө түшүрүп жатат. Андыктан өлкө жетекчилери жогорудагы фактыларга принципиалдуу, адилеттүү чечимдери менен жооп берет деп ишенебиз.

Сиздерди урматтап, Ак-Терек айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын атынан Турусбек Калыков

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: