Menu

Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдеттерин аткаруучусу Э.Уэллс менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жума, 6-сентябрь күнү АКШнын мамлекеттик департаментинде “Борбор Азия+АКШ” өз ара аракеттенүү форматынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилеринин АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдеттерин аткаруучусу Э.Уэллс менен жамааттык жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев катышты. Тараптар БУУнун кезектеги Генералдык Ассаблеясынын алкагында пландаштырылган Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жана АКШ мамлекеттик катчысынын жолугушуусуна даярдык процессин талкуулашты. С5+1 форматындагы жолугуушунун алдын ала күн тартибине төмөнкү үч негизги маселелер киргизилди: эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, чек араны жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө. Катышуучулар бул багыттар боюнча өзүнүн артыкчылыктарын билдирип, өз ара пайда жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: