Кечээ, 24-ноябрда, саат 23:50дө Бишкек-Ош жолунун 163 километринде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Мерседес-Спринтер» жана «Хонда-Степ» автоунаалары кагышкан. Үч аял жана бир кичинекей бала (4-5 жаш) курман болду. Жалпы 11 киши жабыркаган (эки эркек, алты аял жана үч бала).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ