Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды.
Мирзиёев белгилүү швейцариялык дипломатты жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстан ЕККУ менен жигердүү кызматташууга кызыктар экенин билдирди.
ЕККУнун башкы катчысы Самаркандда өтө турган эл аралык конференцияга катышат.
Томас Гремингер Өзбекстандын коңшулар, анын ичинде Ооганстан менен мамилесин бекемдөө багытында алып барган иштерин жогору баалады. Ал Самарканд форуму аймактык кызматташуу динамикасын дагы арттырат деген ишенимде.
Гремингер ЕККУ Өзбекстандагы реформаларды жүзөгө ашырууга жардам берүүгө даяр экенин айтты.
Жолугушууда аймактык жана эл аралык деңгээлдеги маселелер дагы талкууланды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ