ТЭЦке кеткен 386 миллион доллардын кандай сарпталганы коомго белгилүү болуп бүттү. Дээрлик жарымы желип кеткени айдан ачык болуп калды. Эми болгону жеп-ичкенге аралашкан аткаминерлерди кустуруп, түрмөгө отургузуш керек. Асты отуруп, сурак берип жатат. Бирок эң негизги көзүрлөр дале болсо кьштакка илинбей, суудан кургак чыгуунун амалын көрүшүүдө. Акыйкаттык болсун десек, ТЭЦти модернизациялоого түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып келе жаткан ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова, экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Жогорку Кеңештин Отун энергетика жана кен байлыктар боюнча комитетин башкарган Кожобек Рыспаев, өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдер дагы тиешелүү жоопкерчиликке тартылышы абзел. Айран ичкендер кутулуп, аяк жалагандар абакта отурганы туура эмес…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ