Menu

Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн сандарында Борбор калаабызда «спецбольница» деп аталып келчү оорукана тууралуу сын көз караштагы материал жарыкка чыккан. Бул оорукананын толук аталышы — «Кыргыз Республикасынын жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемеси. Гезит жарыкка чыккандан кийин аталган оорукананын жетекчилиги редакция менен байланышып, гезитке чыккан материал тууралуу өз пикирлерин билгизди. Биз журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн аталган ооруканага барып, ал жердеги өзгөрүүлөргө, жетишкендиктерге өз көзүбүз менен күбө болдук.

Бардыгыбыз жакшы билгендей, оорукана Бишкек шаарынын борборундагы Киев, Панфилов жана Логвиненко көчөлөрүндө бакыйган имаратта жайгашып, күнүгө миңдеген тургундардын ден соолугун көзөмөлгө алып, өмүрүн сактап келет. Албетте, эгемендүүлүктү алганы мындай чоң оорукана эмес, кичинекей ФАП салалбай келе жатканыбыз эч кимге деле жашыруун эмес. 2005-жылдары медицина тармагы мышык ыйларлык абалга жетип, ооруканалардын имараттарын оңдоп-түздөмөк түгүл дарыгерлердин айлыгы өз убагында берилбей, жардынын башын жапса буту ачылган, бутун жапса башы ачылган жуурканындай болуп, бюджеттин тартыштыгы эч кимдин этегин жамай алган эмес. Ал тургай мамлекеттин кармагындагы бардык завод-фабрикалар, бала бакчалар сатылып, кезек ооруканаларга жетип, так ушул биз сөз кылып жаткан ооруканага тиешелүү Киев көчөсүндөгү имаратты бийликтин «өкүмзордугу» менен сатылуусуна аз калган эле. Бирок ошол учурда байлыкка көзү тойбогон, элдин канын соргон бийликке нааразы болгон эл Ак үйдүн астына чыгып, Акаевдин кетишин талап кылып, акыры төңкөрүш жолу менен аны президенттиктен сүрүп түшүрүшкөн эмеспи. Эгер ошол учурда Акаев дагы алты-жети ай бийликте турганда имарат толук сатылып кетмек беле деген ой келет. Анткени сатылууга бардык документтери даярдалып бүтүп, мына сатылат, бошоткула деп калган эле. Эгер ошол учурда сатылып кетсе, Кыргызстан дагы бир бейтапканасынан айрылмак. Анын үстүнө Союз тараганы ички миграциянын тыным албай өсүшү, айыл жергесинде жумушсуздук элди калаага айдап келди. Учурда кайсы ооруканага барба, кезерип кезекте турган адамдарды көрөсүң. Мына ушундай татаал кырдаалда өлкөбүздөгү бардык ооруканалардын ар бир имараты зарыл.

Ошентип Акаев куйругун түйүп Москвага качып кеткенден кийин мамлекеттик кызматтарда тазалоо иштерди жүрө баштады. Мына ошол тазалоонун негизинде бардык тармактарда иштей алган, иштин көзүн тапкан жетекчилерге алмаштырылды. Алмаштыруунун шарапаты менен 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесин Сагымбаев Марат Акимович жетектеп калат. «Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр» дегендей, Марат Акимович келгени оорукананын иши бир топ алдыга жылып, оңолуулар көрүнүүдө. Сөздүн ачыгын айтсак, Марат мырзанын чарбачыл аракетин анын биринчи күндөн тарта имаратын сыртын толугу менен тосуп, суу кирип жаткан чатырынын баарын алмаштыруу менен ишти баштаганынан эле көрсө болот. “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, оорукананын астына гүл өстүрүп, ак кайың тигип атайын олтургучтар орнотулуп көрктөндүрүлгөнү дагы ушул Сагымбаевдин эмгеги экендигин айтып кетсек ашыкча болбос. Жетекчи тажрыйбалуу жана чарбачыл болуп бейтаптарга дарыланууга, кызматкерлерине иштөөгө жакшы шарт түзүп бергени эң жакшы сапаттардын бири экенин эч ким тана албас. Айталы, учурда оорукананын сырттан кирген жеринен баштап, операция жасоочу бөлмөсү жана ашкана бөлмөлөрү бардык тарабынан заман талабына ылайыкташытырылып жасалган. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күндүн талабына толук жооп берет. Жылуу, ыңгайлуу, оңдолгон имаратта иштөө дагы, дарылануу дагы жагымдуу эмеспи. Андыктан алгач эшик-төрүбүздү оңдоп, андан кийин оорулууларды кабыл алганыбыз оң деген Марат Акимович алдыда дагы көптөгөн жасала турган иштери бар экенин билдирди.dsc_0435

Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай, 2010-жылдын 7-апрель күнү болгон аянттагы кандуу окуя учурунда бул оорукананын дарыгерлеринин күжүрмөн эмгегин айтып кетпесек болбос. Бакиевдин үй-бүлөлүк кланына каршы чыккан карапайым элди Ак үйдөн аткан жексурлардын айынан канчалаган адам өмүрү менен кош айтышты. Ал эми көпчүлүгүн атайын оорукананын дарыгерлери ажал оозунан сууруп алып калышты десек жаңылышпайбыз. Жүздөгөн адамдар оорукананын палаталарына, коридорлоруна чейин жаткырылып, ак халатчандар адам өмүрү үчүн алпурушуп тыным албай иштешкени баа жеткис эмгек болгон. Алардын жардамынын артында канчалаган баланын атасы, энелердин уулдары аман калды. Андыктан алардын ошол күнү жасаган эмгеги баатырлыкка тете эле. Бирок тилекке каршы, ал баатырлык бааланган да жок…

Адам өмүрү жана ден соолугу табылгыс байлык. Албетте, ден соолугуң чың кезде ага көп маани бербей, көр турмуш менен алпурушуп жүрө беребиз. Ал эми ооруга тушукканда бардыгыбыз өз өмүрүбүздү билимдүү, тажрыйбалуу дарыгерге тапшырып, тез эле сакайып кеткибиз келет. Айрым учурда кайда барып, кимге ишенериңди дагы билбей калган учурлар болот. Анткени учурда айрым ооруканаларда дарыгерлердин шалаакылыгынан адам өмүрү кыйылып, үйрөйүн учурган окуялар катталууда. Ошондуктан мен өз тажрыйбамдан улам айткым келет, дал ушул оорукананын дарыгерлеринин дасыккан адистигине өзүм күбө болуп, көөнүм толуп кайттым.

Учурда бул ооруканда 638 адам эмгектенсе, алардын 158и жогорку категориядагы врачтар. Ал врачтар жетекчинин жеке чечми менен эмес, атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусу менен ишке алынат. Андыктан бул оорукананын дарыгерлерине өз өмүрүңүздү коркпой тапшыра берсеңиз болот. Анын үстүнө бул жерде бардык органдарды текшерип бере ала турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Кааласаңыз жүрөгүңүздү, өпкөңүздү, бооруңузду тарттырып, тажрыйбалуу дарыгерлерден кеңеш алып, толук сакайып кетишиңизге эч күмөн жок. Оорулуулар дарылануу үчүн жалпы 209 орун болсо, анын 118и бюджеттик орун. Ал эми калгандары атайын эсеп менен жатып дарыланса болот. Атайын ооруканада десе эле эл бул ооруканага жалаң эле министр, депутаттар, чиновниктер дарыланат деген түшүнүккө тушугуп алышкан. Бирок чын-чынына келгенде бул жерде абал такыр башкача. Кыргызстандын каалаган жараны келип, атайын эсеп менен дарыланса болот. Баалары дагы жеке клиникалардыкындай кымбат эмес, карапайым адамдын капчыгына чак келет. dsc_0082

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында аталган оорукана 70 жылдык мааракесин белгиледи.  Албетте, жетимиш жылдык мааракесин белгилеп жаткан бул атайын оорукананын тарыхына абай салып карай турган болсок, алгачкы имараты алыскы 1936-жылдары салынып, дарыгерлердин саны өтө аз болгон. Ошого карабай башынан көп сыноолорду өткөрүп, кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуштун алаамат учурунда дагы өз ишин токтотпой иштеп келген. Андан бери акырындык менен өсүп-өнүгүп олтуруп, канатын кенен жайып, оңолуунун жолуна түштү. Асыресе акыркы жылдары жетекчиликке Марат Сагымбаев келгени оорукананын чарбалык иштери дагы, дарыгерлердин иш алып баруусунда дагы бир топ жылыштар болгон. «Кадр бардыгын чечет» деп Сталин айткандай, Марат мырза дагы кадрлардын тажрыйбасына, иш билгилигине өзгөчө көңүл буруп, темирдей тартипти орноткон, ошондой эле ар бир кызматкерден жоопкерчиликти катуу талап кылган жетекчилердин бири. Учурда Кыргызстанда саясий интрига күч алып, бири-бирине бут тоскон, жамандаган, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу адамдын абийирин кетирген кара пиарлар өтө күч алды. «Акырын басса аксак, катуу басса таскак» деп сын таккандар четтен чыгат. Албетте, сырттан карап сын айтуу оңой. Бирок бир иштин башында туруп, анын жолун таап, каражат издеп, оңдоп-түзөө үчүн талыкпаган эмгек керек. Мындан улам Сагымбаевдин жасаган ишин көрүп, кантсе дагы жакшыны жакшы деш керек экенине ынандык. Айрым бир эл бузарлардын сөзүнө кошулбай, кулагыңа эмес, көзүңө ишенип, өз көзүң менен көрүп анан бир тыянак чыгар турган учур болуп калды көрүнөт. Марат мырза кандай кептер чуурубасын, эмнелер гана айтылбасын өз ишин так жана жоопкерчиликтүү аткарып: «Кандай оору менен келген жаран болбосун, ушул жерге келип өз өмүрүн ишенип бизге тапшырып жаткан кийин биздин көўүлкош мамиле кылганга акыбыз жок»,- деп кызматкерлеринен дагы ар бир бейтапка көңүл бурууну талап кылып келет. Андан тышкары, дарыгерлерин беш-алты айга Индия, Корея, Франция жана Кытай сыяктуу медицинасы өнүккөн өлкөлөргө байма-бай жөнөтүп, тажрыйба алмашып, билбегенин билип келсин деп дайыма шарт түзүп берет. Андыктан атайын оорукананын дарыгерлери Кыргызстандагы эң алдыңкы жана тажрыйбалуу адистер десек жаңылышпайбыз.

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: