«Кошоматка кой сойгондон» да ашып түшүп, серепчи сөрөй Бакыт Бакетаев Бишкек мэрлигине Мелис Турганбаевди «туура көргөн» сөздөрүн айтып, бакылдаса жанына киши тура албайт. Мындан башка татыктуу кишини көрбөй калгансып, тим эле айга-күнгө теңей мактаса жылмаюудан башка арга калбайт экен. Кошоматчылыктын чеги болбойбу? Элдин баары билет, Бакетаев экс-президент Атамбаевдин пресс-конференцияларына үзбөй катышып, ыңгайлуу суроолорду беримиш этип, аягында мактап жатып калчу. «Дүжүрлүктү» да чеги менен аткарса болбойбу? Учурда Бакетаев кайсы бир саясатчыны мактаса, жоромол жүргүзсө, көпчүлүк тескери жоруп атпайбы. Себеби, бул эргул өзүнүн ким экенин көрсөтүп койгон. Сүйлөп атканда кыжырды гана келтирбесе, башка жылынчу жакшылыгы деле калыптыр…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ